Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 22:06

Чечен козголоңчулары колго түштү.


Орус маалымат булактарынын билдиришинче, Чеченстандын борбору Грозныйда 28 чечен козголоңчусу федералдык аскерлердин колуна өздөрү келип түшкөн.
Согушчандар өздөрү менен кошо көп сандагы ок-дары жана каруу-жаракты да ала келишкен.
Чечен өкмөтүнүн атын атабоону өтүнгөн өкүлүнүн “Ассошиейтед пресс” агенттигинин кабарчысына айтканын караганда, кечээ күнү Грозныйдын четинде чечен козголоңчулары менен болгон аткылашууда Орусиялык эки полицай окко учкан. Ушул эле булактын билдиришинче, акыркы 24 саатта чечен согушчандары орусиялык 4 полицайды катардан чыгарып, 12 полицайды жарадар кылышкан.

XS
SM
MD
LG