Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 06:39

КЫРГЫЗСТАНДАГЫ КАТОЛИКТЕР ИСА ПАЙГАМБАРДЫН ТУУЛГАН КҮНҮН БЕЛГИЛӨӨДӨ.


Аманбек Дилденбай, Бишкек Католицизм кыргыз тилине которгондо «жалпы,аалам» деген маанини түшүндүрөт.

Кыргызстанда бүгүнкү күндө католик динине сыйынуучу немис, литва, латыш, поляк улуттарынын миңден ашуун өкүлдөрү бар. Католик чиркөөсү Орто Азияда биринчи жолу 1969-жылы Бишкек калаасынын түндүк-батыш тарабында негизделген. Алар, Иса пайгамбардын туулган күнүнө карата диний ырым-жырымдарды декабрь айынын 25 нен 26на караган түнү, Кудайга сыйынышып салтанаттуу майрамдашат. Ал салтанат тууралуу Бишкектеги Католик чиркөөсүнүн башчысы отец Александр айтып берсе.

- Иса пайгамбардын туулган күнүн жалпы адамзат майрамдайт. Себеби, адамзат илгертен жыл наамасын сүрүштүрүп келсе да Иса пайгамбардын туулган күнүнөн баштап 2003-болгондугун белгилешүүдө. Католик дининдегилер үчүн бул күн - улуу күн. Анткени кудайдын уулу Иса, жарык дүйнөго келип, жердеги жашаган адамдарды күнөөлөрдөн арылганга, аларды азаптан бошотууга жардам берет. Ал, Кудай-Таала менен жердеги жандуулардын байланыштырган элчиси катарында бааланат. Бул күнү, Исанын төрөлгөн учурдагы буюм-теримдерге сыйынуу менен бирге, үңкүрдө туулган сактоочуга табынуу ырым-жырымы аткарылат, - дейт католик чиркөөсүнүн башчысы отец Александр.

Ал эми, католицизм кыргыз тилине которгондо «жалпы, аалам» деген маанини түшүндүрөт. Католик дини - христиан дининдеги негизги агымдардын бири. Ал динге, дүйнө жүзүндөгү 650 миллиондон ашуун адамдар сыйынышат. Католицизм 3-5-кылымдарда Рим Империясынын батыш менен чыгыш бөлүгүндө пайда болуп, жалпы христиан дининин ырымы-жырымын колдойт, бирок диний окуусунда, үрп-адатында жана уюмунда өзгөчөлүктөр бар. Католиктердин окуусунун булагы - Библия жана «Ыйык жомок» («Священное предание») болуп эсептелет. Католицизмдин борбору - Ватикан. Алардын чиркөөсү - уюмдашкан, белгилүү бийлик шатысы бар мекемелердин системасы. Мисалы: Рим папасы - чиркөө башчысы, апостол Петрдун мурасчысы, Христостун жердеги чыныгы өкүлү болуп эсептелет. Католиктердин дагы бир өзгөчөлүгү – алар эне-кудайга (Мадоннага) сыйынышат. Муну православие дининдегилер четке кагат. Ошондой эле, алардын кудайга сыйынуучулугу өтө салтанаттуу, театрлаштырылган мүнөздө болуп, ыр аспаптык музыканын коштоосунда өтөт. Ал эми храм, чиркөөлөр Иса пайгамбардын ар түрдүү айкелдери жана анын элеси тартылган картина-сүрөттөр менен кооздолот экен.

Католиктер, Кудайга, Иса пайгамбарга сыйынып, анын туулган күнүнө карата таттуу тамак-аш, даамдарды жасап конок күтүшөт.

Православ дининдегилер эмне үчүн 7-январды Иса пайгамбардын туулган күнү катарында сыйынышат деген суроомо «эски жылнаама менен православдар үчүн деле 25-декабрь, бирок алар юлиан календары боюнча кабыл алышкан. Григориан календарына өтүшкөн эмес. Ошондуктан григориан календарынан 13 күн кечигип калышкан», - дейт Бишкектеги Католик чиркөөсүнүн башчысы отец Александар.
XS
SM
MD
LG