Линктер

шаршемби, 7-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 20:58

ООГАНСТАН - ӨҢЧӨЙ ГЕНЕРАЛДАРДЫН ӨЛКӨСҮ.


Ооганстандын президенти Хамид Карзай мамлекеттик мекемелердин жетекчилеринен жер-жерлердеги корбашыларды жана алардын отряддарын куралсыздандыруу ишин ыкчамдатууну талап кылды. Талиптердин режими талкалангандан берки бир жыл ичинде өлкөдө дале зордук-зомбулук өкүм сүрүүдө, криминалдык оор кырдаал түзүлдү, коррупция жана жакырчылык күч алды, деп белгиледи ал мамлекеттик жогорку даражалуу чиновниктер менен өткөрүлгөн кеңешмеде.

Хамид Карзайдын администрациясы өткөн айда өкмөттүк күчтөрдүн курамына кирбеген бардык отряддарды курал-жарактарын тапшырганга милдеттендирген, ал эми регионалдык лидерлерге ич ара талаштуу маселелерди чечүүдө куралдуу күч колдонгонго тыюу салган. Булардын баары эл аралык жамааттын, ири алдыда Бириккен Улуттар Уюмунун колдоосу менен атайын иштелип чыккан куралсыздануу программасында бышыкталган. Бирок өкмөттүн көрсөтмөлөрүн, Карзайдын сөздөрү боюнча, көп жерлерде тоготпой жатышат. Бул иш түндүк провинцияларында дурус башталган эле, акыркы убактарда болсо кескин солгундап кетти. Ал эми түштүктөгү аймактарда Падшах Кан Задран өңдөнгөн лидерлер Кабул өкмөтүнө ачыктан-ачык кыр көрсөтүп, атүгүл өкмөттүк аскерлер менен тирешкенге чейин барды.

Ушуга байланыштуу айрым аскери чиновниктер куралсыздандыруу процессине эл аралык коопсуздук контингентинин тартылышын каалар эле. Атап айтканда, өкмөттүк аскерлердин Пактиа провинциясына жайгаштырылган бөлүгүнүн өкүлү Мохаммад Зазай жергиликтүү лашкер башчыларга курал-жарактарын тапшырганга он күндүк мөөнөт берилгенин, эгер талап аткарылбаса эл аралык коопсуздук контингентинин күчтөрү Пактиада куралсыздандыруу операциясын башташа тургандыгын билдирген эле. Жарлыкка моюн сунбагандардын баары камалат, аларды эл аралык коопсуздук күчтөрүнүн Гардездеги бөлүктөрү куралсыздандырат, деп билдирген ал. Зазай ошондой эле эл аралык контингенттин 200дөй жоокери Гардезге келип түшкөндүгүн да кошумчалаган болчу.

Бирок мунун баарын ооган өкмөтү менен эл аралык контингенттин командачылыгы төгүнгө чыгарышты. Коргоо министринин орунбасары генерал Бариалай коргоо министрлигинде талкууланып, өкмөттө жактырылган планда курал-жарактарды тапшыруу ишине үч айдан алты ай мөөнөт берилгендигин ырастады. Ошол эле учурда ал өздөрүн өкмөттүк аскерлердин бир бөлүгү эсептеп, бирок улуттук таламдарга каршы аракеттенген топтор токтоосуз куралсыздандырыла тургандыгына да ишендирди. Мындай операцияларга эл аралык контингенттин күчтөрү тартылбайт.

Ооган өкмөтүнүн пландарына ылайык, өлкөдө 70 миң колдуу улуттук армия түзүлүшү керек. Бул иштин негизги милдети коргоо министрлиги түзгөн демобилизациялык комиссияга жүктөлгөн. Азырынча анын иши майнапсыз болуп жатат. Программа үчүн бөлүнгөн каражат капкачан түгөндү дешет, улуттук алгачкы батальондогу алты жүз жоокерден эки жүздөйү калды, калгандары качып кетти. Провинцияларды жергиликтүү колбашчы-корбашылар жеке музапатка айлантып, бөлчөктөп-бөлүп алгысы келишет. Айтор, өңчөй генералдардын өлкөсүнө жакын арада бейкуттук келерине кадиктенгендер өзгөлөр турсун оогандыктардын өздөрүнүн арасында деле көп. Деген менен Хамид Карзай ооган жери курал-жарак кампасынан баракатчылык байырлаган аймакка айланышы керек деп эсептейт. Буга, анын ишениминде, өткөн жекшембиде Кабулда кабыл алынган декларация да чоң өбөлгө болмокчу. Ага Ооганстандын алты коңшусу – Иран, Кытай, Пакистан,Тажикстан, Түркменистан жана Өзбекстан кол коюшту. Декларацияда коңшулаш өлкөлөр Ооганстандын көз карандысыздыгын урматтоого, анын ички иштерине кийлигишпөөгө милдеттеништи. Кабул декларациясын Бириккен Улуттар Уюмунун Коопсуздук кеңеши колдоп, аны жактаган резолюция кабыл алды.
XS
SM
MD
LG