Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:02

ОРУСИЯ БАСМА СӨЗҮНДӨГҮ ЖАҢЫЛЫКТАР.


Муса Мураталиев, Москва

“Российская газета” (24.12.2002) атактуу саясатчы Збигнев Бжезинский менен болгон кеңири баарлашууну жарыялады. Анда негизинен Орусия менен Америка ортосунда мамиле кеп болсо да сөз арасында Борбор Азия региону камтыла кеткен. Анда окумуштуу АКШ аскерлеринин аталган аймакта болуусу дүйнөнүн ал бурчунда болуп аткан кризиске байланыштуу деген. Борбор Азиялык өлкөлөрдүн келечеги тууралуу кебинде ал, «ал аймакта мамлекеттердин дүйнөлүк рынокко кенен-чонон аралашуусу күтүлөт» деген. «Бирок бул регионду мындан ары кайсы бир улуу держава жалгыз өзүнүн таасири астында кармоо деген болбойт. Келечекте ал аймакка Америка, Орусия жана Кытай белгилүү деңгээлде өз таасирин жайылтып турушу мүмкүн» деген.

«Коммерсант» (24.12.2002) гезитиндеги «Орто Азияга Ыртыш дайрасы агып келет» деген макалада кайра да түндүктү карай акчу сууну буруу маселеси кеп болот.

Омск областынын губернатору Леонид Полежаевдин орусиялык дайраларды Казакстанга, Өзбекстанга, Түркмөнстанга, андан ары Ооганстанга дейре канал аркылуу жеткирүүгө каршы чыккан. Бийик даражалуу кожоюн өзүнүн кебин Омск жери менен агып өтүүчү Ыртыштын бир жеңи - Обь дайрасы акырындап соолуп калуу коркунучу бар деген жүйөө менен бышыктайт. Ошол эле учурда губернатордун кебинин артында «Сууну казак менен кытайга берип эмне кылабыз?», деген насаат жатканы көрүнүп турат.

Москва кожоюну Юрий Лужков президент В. Путинге жөнөткөн катынын мазмунун журналистер алдында оозеки айтып чыкты. Ал катта көтөрүлгөн демилге туурасында да айтты.

«Мен президентке киргизген сунуш тууралуу айтсам, ал жерде суу сатуу туурасында, Ыртыш жана Обь дайрасынын, болгону 5-7 % гана, мен муну баса көргөзгүм келет, ташкынга учурап жээкке чыга качып аткан, артыкча суусун гана пайдалануу турасында кеп болот. Мен ал долбоорду ары оодарып, бери оодарып таанышып чыктым. Ошондон кийин мен Орусия гражданини катары ал сунушту биздин президентке жөнөттүм. Анын пайдалуу болоруна мен ишенем, ал абдан керек экендигине ишенем жана менин жеке оюмду сурасаңыз, ал долбоордун сөзсүз ишке ашарына ишенемин», - деди ал.

«Правда» (24-25.12.2002) гезити А. Масалиевдин «Биз бирге болгондо гана кубаттуубуз» деп аталган ачык катын басты. Ал Орусия лидери Кыргызстанда расмий иш сапары менен жүргөндө ага жергиликтүү коммунисттердин атынан тапшырган кайрылуунун көчүрмөсү болуп чыкты. Эки элди совет тушундагыдай боордоштукка чакырган ал текстте «биз Кыргызстандын Орусия Федерациясы менен Беларусь Жумуриятынын Союзуна кошулуу мүмкүнчүлүгү боюнча иш жүргүзүп жатабыз», - дейт Кыргызстан коммунисттер партиясынын жетекчиси.
XS
SM
MD
LG