Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 08:20

НОРВЕГИЯ – МУНАЙДЫ, БАЛЫК ИКРАСЫН ЖАНА ТЫНЧТЫКТЫ ЭКСПОРТОГОН ӨЛКӨ.


Суусунда балык жайнаган, жер алдында миллиондогон тонна мунай уюп жаткан, бирок бир ууч калкы бар Норвегия эч качан Европанын же дүйнөнүн супердержавасы боло албас. Кышы суук өлкө жер кезген саякатчылардын Меккесине айланат деп элестетүү да кыйын. Ошол эле убакта бардык европалык мамлекеттерден эң түндүктө жайгашкан, байыркы викингдердин мекени болгон Норвегиянын акчага сатып алууга болбой турган байлыгы бар: Норвегия бүгүн тынчтыктын дүйнөлүк борборуна айланган.

Йовшан Аннагурбан бир нече жыл Түркмөнстанда президент С. Ниязовдун маалымат катчысы болуп туруп, аны менен пикири келишпей калганда абакка түшкөн. Норвегияда саясий баш калканч тапкан экс-катчы бул скандинав өлкөсүнө келгендеги алгачкы таасири менен бөлүшкөнү бар. “Мен Норвегияга Москвадан бардым. Түркмөнстанда түрмөдөн качып, кийин Маскөөдө милициядан качып жүрүп, мен Норвегияда Жаннатка, Бейишке түшүп калгандай болдум”, - дейт түркмөн диссиденти. Өз мекенинде куугунтукка кабылып, жанын ала качууга мажбур болгон Аннагурбанга бийликтер төрт бөлмө үй бөлүп берип, күнүмдүк чыгымдарынан тышкары ар жайда Испанияга, Грецияга барып, дем алууга жетээрлик жөлөк-пул бөлдү, үч баласын дароо мектепке алышты, айтор качкын тууганыбыз Норвегиянын берешен социалдык тармагынын үзүрүн көрдү.

4 жарым млн. калкы бар бул мамлекетке жан-дилинен ыраазы болгондордун тизмеси Аннагурбан сыяктуу саясий качкындар менен гана чектелбейт. 1901-жылдан бери Нобелдин сыйлыгы Норвегиянын баш калаасында тапшырылып келет, бирок бул – анын тынчтык орнотуучу, же тынчтыкты колдоочу өлкө деген ардактуу наамынын бир гана өңүтү. Осло шаарында 93-жылы Израил менен палестиналыктар тарыхый тынчтык келишимге кол коюшкан, бул келишим али ишке аша элек, бирок Осло андан берки бир топ тынчтык демилгелери менен чыкты. Өткөн он жыл ичинде норвегиялыктар Филиппин өкмөтү менен коммунист козголоңчулардын, Хорватия менен Югославиянын, Колумбия өкмөтү менен козголоңчулардын ортосунда арага түштү. Бул өлкөнүн дипломаттары ошондой эле Кипрде, Сомалиде, Суданда эмгектеништи. 1996-жылы Гватемала бийликтери менен солчул партизандарды элдештирип, 35 жыл ичинде 100 миң кишинин каны төгүлгөн кандуу жаңжалды токтотууга жетишишти. Ал эми үстүбүздөгү айдын башында Норвегиянын арачылыгын менен, Шри-Ланканын өкмөтү жана Тамил партизандары бийлик бөлүшү тууралуу келишимге кол койду. Кечээ жакында эле мындай макулдашуунун өзү утопиядай сезилчү. Скандинавиялык улуттун тынчтык демилгелеринин ийгилигиннин сыры эмнеде?

«Биз кичинекей, бай өлкөбүз, бирок мурда-кийин башка элдерди басып алып, мүңкүрөткөн эмеспиз», - дейт Норвегиянын тышкы иштер министринин орун басары Видар Хелгесен. Норвегия чакан өлкө болгону үчүн, андан «регионалдык же башка саясий көмүскө кызыкчылыктары бар» деп шексинишпейт. Норвегия ары чоң, ары кыйкымчыл мамлекеттердин чачпагын көтөрүп, ошолордун тапшырмасы менен жүргөн эмес. Норвегия НАТОго мүчө, бирок Европа Биримдигине кирген эмес, бир катар алянстарга кошулган, бирок өзүн нейтралдуу тутат. Коңшуларынын ишине кийлигишип, ар кандай жосунсуз жоруктарга аралашкандын ордуна, Норвегия ички согуштан же оор кризистерден жапа тарткан жарды өлкөлөргө көмөк көрсөтүүнү артык көрөт. Ак төөнүн карды жардылган эң бай мамлекеттердин бири болгон өлкө байлыгына манчыркабастан, чийелешкен жаңжалдарды жети ойлонуп бир чечүүгө колдон келген жардамын аябайт.

Бул - Норвегиянын тышкы саясатынын учкай мүнөздөмөсү, анын ички турмушу да бейпил, беймарал. Мында бүгүнкү замандын гладиаторлору – профессионал кик-боксчулардын оюнуна тыйуу салынган. Көчөлөрүндө машина айдоочулар кайта-кайта сигнал берип, кулактын кужурун албайт, кишилер бир-бирине бой көтөрүп, катуу сүйлөбөйт. Лютеран чиркөөсүнүн миссионердик ишмердүүлүгү менен социалисттик идеализмдин мурасына сугарылган норвегиялыктар, Осло өкмөтүнүн социалдык саясатын да, тынчтыкты бекемдөө аракеттерин да жогору баалашат. Бир эле убакта Норвегия өзүнө өрт өчүргүчтүн ролун ала албай тургандыгын түшүнөт. «Биз жарды-жалчынын башына мүшкүл түшкөндө жардамга келген гуманитардык кызматкер боло алабыз» дейт, Норвегияны «чакан, бирок таасирдүү мамлекет» деп мүнөздөгөн дипломат Йан Эгеланд.
XS
SM
MD
LG