Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 00:45

«Моя столица» гезитин коргоо комитети Аскар Акаевге кайрылуу жолдоду.


Бакыт Аманбаев

БИШКЕК. 26-декабрда «Моя столица» гезитин коргоо боюнча түзүлгөн коомдук комитетитин мүчөлөрү жыйын өткөрүп, президент Аскар Акаевге кайрылуу жолдошту. Кайрылуу ээлери аталган басылма кыргыз элинин улуттук намысын басмырлабай эле, тескерисинче, республикадагы коррупция тууралуу чындыкты так жазгандыгын белгилешкен. Ошондой эле комитет мүчөлөрү учурда аткаруу бийлиги жогорку бийлик өкүлдөрүн тартынбай сындаган гезитти жабууга аракет жасап жаткандыгын маалымдашып, мамлекет башчысынан аталган гезитке болгон кысымды токтотууга чара көрүүнү суранышкан. Бул тууралуу аталган комитеттин мүчөсү, укук коргоочу Турсунбек Акун маалымдады.

XS
SM
MD
LG