Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:18

Өкмөт башчысынын арызын Бишкектин Ленин райондук соту 27-декабрда карамак болду.


БИШКЕК. 27-декабрда Бишкектин Ленин райондук сотунда Кыргызстандын премьер министри Николай Танаевдин «Моя столица» гезитин жоопко тартуу тууралуу доо арызы боюнча доогер жана жоопкер тараптардын алгачкы жолугушуусу болот. Өкмөт башчысы гезит 26-ноябрда жарыялаган «Президент жетим эмес. Аны эч ким таарынтпайт» аттуу макаласын «адамдык абийириме жана ар намысыма шек келтирди» деп кинелеп, гезиттин уюштуруучусу Александр Кимден бир миллион сом, редакциянын өзүнөн 2 миллион сом жана макала автору Рина Приживойттон 220 миң сом өндүрүп берүүнү өтүнгөн. Макалада болсо автор өкмөттүн басма иштери боюнча ушул жылдын башындагы № 20 токтому жана аксылыктардын жөө жүрүштөрүнө байланышкан өкмөттүн аракеттери тууралуу жазган.

XS
SM
MD
LG