Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:03

Бишкек шаарынын тургуну Акин Токталиев «Моя столица» гезитин сотко берди.


Бакыт Аманбаев

БИШКЕК. Бишкек шаарынын тургуну Акин Токталиев «кыргыз элинин улуттук намысын басымырлады» деп «Моя столица» гезитин сотко берип, гезиттен 5 миллион сом, макала авторунан 50 миң сом өндүрүүнү талап кылууда. Бул тууралуу Токталиев жана анын төрт коргоочусу бейшемби күнү өткөн маалымат жыйында кабарлашты.
А. Токтолиевдин айтымында, аталган гезиттин үстүбүздөгү жылдын 4-октябрдагы санында журналист Людмила Жолмухамбетованын «Мамлекетти башкара албагандан башка чечилбеген маселе жок» деген макаласында кыргыз мамлекетүүлүгүнө байланыштуу жалпы кыргыз улутунун ар намысын басмырланган маалымат жарыялаган. Ошондой эле маалымат жыйында Токталиев, ага бир дагы жогорку бийлик бийлик өкүлү «Моя столица» гезитин сотко бер деп кайрылбагандыгын, аталган гезитти жалпы кыргыз улутунунун атынан өзү сотко бергендигин белгиледи. Ал эми жыйынга катышкан Людмила Жолмухамбетованын пикиринде, аталган макалада кыргыз улутунун кызыкчылыгына каршы маалымат жазылган эмес.

XS
SM
MD
LG