Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 16:40

Кыргызстанда пенсия жаңы жылда жогорулай турган болду.


БИШКЕК. 2003-жылдын 1-апрелинен тарта Кыргызстандагы пенсионерлердин пенсиясынын көлөмү 15 %ке жогорулайт. Бул тууралуу президент Аскар Акаев 25-декабрда кыргыз телевидениесиндеги түз эфирдеги көрсөтүү учурунда билдирди. Президенттин айтымында, ал үчүн Социалдык фонддун кийинки жылдагы бюджетине 350 миллион сом кошумчаланды. Президент, андан тышкары, жаңы жылда электр энергиясына карата тарифтердин жогорулабай тургандыгын жарыя кылды, жана азыр 50%ке чейин жетип жаткан жоготууну жана уурулукту азайтууга өкмөттү катуу милдеттендиргендигин кабарлады. Президенттин айтымында, ал электр энергия тармагындагы жоготууларды жоюу чарасын көрүү үчүн январь айында чоң жыйын өткөрүп, бул тармактын өкүлдөрүнө талапты катуулатат.

XS
SM
MD
LG