Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 08:04

МАЙЛЫ-СУУДА АКСЫ ОКУЯСЫ БОЮНЧА АЙЫПТАЛГАНДАР СОТТОЛУУДА.


Рыспай Абдраимов, Майлы-Суу Аксы окуясы боюнча Майлы-Суу шаарында өтүп жаткан аскер сотунда 26-декабрда күбө катары 9 адам суралды.

Аксы окуясы боюнча Майлы-Суу шаарында өтүп жаткан аскер сотунун жүрүшүндө күбөлөрдүн далилдөөсүнө караганда, областтык милициянын өзгөчө багыттагы отряды менен кайгыл-күзөт батальонунун кызматкерлери Аксы районуна 16-мартта барышкан. 17-март күнү эртең менен аларга райондун Кара-Жыгач айылында милиционердин машинасы аңтарылып, аны менен кошо болушкан башка кызматчылар качып кутулгандыгы, мектеп директорунун сарайы өрттөнгөндүгү, Кара-Суу айылына баруучу жол таш менен тосулгандыгы жөнүндөгү маалыматтар жеткен. Коомдук тартипти сактоочу аталган күч органдарынын адистери Кара-Жыгач айылына баратышканда 500-600 чамалуу адам келатышканын көрүшкөн. Өзгөчө отряд менен кайгыл-күзөт бөлүмүнүн сакчылары чогулган элге 40-50 метр жетпей токтошкон. Мындай далилдерди милициянын лейтенанты, кагылышта колу сынган Айдарке уулу Нарынбек, милициянын старшинасы Мырзаканов Кадырбек, кенже сержанты Кубатбек Айтбаев келтиришти. Ал эми өзгөчө отряддын взводунун командири Алдаяр Тилекбаевдин аныктамасы боюнча, чогулган элге КАМАЗ автоунаасынан түшкөн жана коңшулаш айылдардан келишкен адамдар келип кошулушкан. Ошондой эле 15 жоокер жарадар болуп, милициянын өзгөчө багыттагы отрядынын күжүрмөнү Карабалаев Дайырбекке ок тийген жана адамдарга карата акарат сөздөр айтылган.

«Ошол учурда 10-15 минут өтпөстөн, менин жардамчым бөлүм командири Карабалаев Дайыр деген старшина бир маалда кыйкырып эле жыгылып, отуруп калды. Кармап көтөрсөм кан кете баштады, ок тийген. Ошол учурда Сакбаев Расул деген бала бар эле, ал дагы жыгылып түштү. Эки бала аны жетелеп алып чыктык. Кийин ар кандай сөздөр айтыла баштады, биздин президентибиз Аскар Акаевге каршы сөздөрдү сүйлөдү, «бул иттерди өлтүрүш керек, булар Акаевге сатылган, булар закондон иш кылбайт» деген сөздөр менен оскарблять этти», - дейт Алдаяр Тилекбаев.

Өзгөчө отряддын күжүрмөнү оң балтырына ок, далысына таш тийген экен, кесиптештери алып чыккандарын, атчандар орогондугун, Кербендеги дарыгерлердин мамилесин эскерди.

«Ооруканага алып барганда мен бекер барган экемин, заражение болсо дагы РОВД да отурганым жакшы экен. Медсестра, врачтардын көз караштары жаккан жок. Медик болгондон кийин ал душманбы, баарына бирдей биринчи жардам көрсөтүш керек эле», дейт ал.

26-декабрда түштөн кийинки соттун жыйынына 17-мартта Боспиек айылында ок жаңылган, Аксынын Кара-Суу айылынын тургуну Ботоев Исламбек жана башына ошол жерде союл тийген Кара-Жыгач айылынын жашоочусу Ыктыяр Адылбеков дагы күбө иретинде жооп беришти. Жабырлануучу Ыктыяр Адылбеков сотто аксылык жарандарга ок чыгарышкан адамдардын жоопко тартылбагандыгана нааразы болду. Анын эскерүүсүндө Боспиектеги окуя төмөнкүдөй болгон.

«Турсунбек Акуновдун колун кайрып жөнөдү. Аялдар келип ызылдап калышканда, аялдарды сабап киришти. Ошол убакта кандай бир команда болгон да, команда болгондон кийнин сабап киришти ОМОНдор, анан биз ызылдап калганда аркасынан ок атылган. Милициялар элди көздөй атты. Элдер жыгыла баштады, кача баштады. Азыркы соттун жүрүп жатканына менин ойумча кошула албайм. Тийиштүү адамдар жок, автомат аткандар жок, мени сабаган гаишник жок, больницага алып кирип баратканда сабаган, свидетелдер деле бар, азыр деле айтып берет, ал адамдар жок. Мен атам айтканын кылам да, алар деле жогор жактын айтканын кылган», деди Адылбеков.

Сотто Боспиек окуясын чагылдырган эки видеотасма залдагы адамдарга көрсөтүлдү. Аскер сотунун иши эртең да улантылаары жарыяланды.

XS
SM
MD
LG