Линктер

logo-print
шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 07:03

КУРМАНБЕК ОСМОНОВ: «АДАМ УКУКТАРЫНЫН АБАЛЫ КЫРГЫЗСТАНДА ЖАКШЫ ЭЛЕ».


Жаркын Суран кызы, Бишкек “Биз оппозициялык маанайдагы саясатчылардын айтып атканынын баардыгы карандай калп деп аткан жерибиз жок. Бирок көп нерсени аша чаап, коомчулукта туура эмес пикирлерди жаратууга аракет кылып жатат. Ал аракеттер конкреттүү бийлик адамдарына гана багытталган», - дейт кыргыз өкмөт башчысынын биринчи орун басары.

Кыргыз Республикасынын биринчи вице-премьер министри Курманбек Осмонов Кыргызстандагы саясий жалпы абал жана 2002-жылдагы адам укуктарынын абалы туралуу айрым суроолордун тегерегинде кабарчыбыз менен ой бөлүштү. Биринчи вице-премьер министр адегенде сөзүн Кыргызстандын биринчи акыйкатчысынан баштады.

- Быйылкы жылы биз тараптан сунушталган, президент тараптан сунушталган Акыйкатчы, же адам укугун коргоо боюнча атайын ыйгарым укуктуу Омбудсман шайланды. Бул Кыргызстанда адам укугун коргой турган дагы бир укуктук-саясий институт пайда болгондугун күбөлөндүрөт. Мына быйылкы жылы президент тарабынан көтөрүлүп чыккан идея, “Кыргызстан - адам укугун сыйлаган өлкө” деп, улуттук идеяга шайкеш келип, бизде жакшы кырдаалды түзүүгө жардам берип турган кези.

- Курманбек мырза, сиз Кыргызстандын биринчи Омбудсманы жөнүндө айтып, анан президент Аскар Акаевдин “Кыргызстан адам укугун урматтаган өлкө” деген жарыясы тууралуу сөз кылып кеттиңиз. Бирок 2002-жылы Кыргызстанда адам укуктары бузулган көптөгөн окуялар болуп кетти. “Аксы окуясынан соң, Кыргызстанды “адам укугун урматаган өлкө” деп белгилөөгө болбойт” деген оппозициялык маанайдагы адамдардын пикирлери дагы жок эмес.

- Эми турмушта жакшылык менен жамандык катар жүрөт экен. Кандай деп айтсак, эми ушундай кырсык окуялар болду. Анын чыгышынын себептерин көп жолу айттык. Бирок Кыргызстан чынында адам укугун сыйлаган өлкө катары, ошол болуп өткөн окуяларга мамлекет башчыбыз дагы, өкмөт дагы, баардык мамлекеттик органдар, дегеле жөнөкөй карапайым ар бир Кыргызстандын жараны ушул окуяга кайдыгер караган жерибиз жок го. Адилеттүүлүк үчүн, калысчылык үчүн айтышыбыз керек. Мына мамлекеттик комиссия өзүнүн ишинин жыйынтыгын айтты. Бул туура эмес аракеттер болду, мамлекеттик укук органдары тарабынан, кызмат адамдары тарабынан. Аткаруу бийлиги күнөөлүбүз деп, моюнду сунуп, камчыбызды моюнга илип турбайбызбы. Эми баягы өлгөндүн үстүнө көмгөн кылып, абалды курчутуп, Аксы факторун пайдаланып айрым саясатчылар өздөрүнүн жеке амбициясын ишке ашырууга аракеттер болуп жатат. Кыргыз-Кытай чек арасы боюнча, эчак жабылган, эки келишимди ратификациялоо жөнүндө мыйзам кабыл алынып, ал мыйзамга мамлекет башчысы тарабынан кол коюлуп, күчүнө кирген мыйзамды дагы азыр шек саноого алып, оппозициянерлер кол чогултуп, Конституциялык Сотко беребиз деп атканы - бул өлкөдөгү стабилдүүлүктү, анан эң негизгиси улуу Кытай Республикасы менен алака мамилебизди жакшыртууга эч кандай көмөкчү болбойт.

- Курманбек мырза, өзүңүз Үзөңгү-Кууш боюнча маселе козгоп калдыңыз. Жакында «Аскар Акаевди кызматтан кетирүү, эл үчүн реформа жасоо» кыймылынын мүчөлөрү маалымат жыйынын өткөрүп, Кыргыз-Кытай чек ара маселесин жакында боло турган референдумуна киргизүүнү сунуш кылып жатышат. Алардын мындай сунушу ишке ашышы мүмкүнбү?

- Булардын мындай сунушу ишке ашпайт. Укуктук, мыйзамдык негиз бар. Кытай Эл Республикасы менен түзүлгөн келишим, бу өлкөдөгү ички процедураларды сактоо менен, Мыйзам чыгаруу жыйыны тарабынан кабыл алынган, Эл өкүлдөр жыйыны тарабынан келишимдерди ратификациялоо жөнүндөгү закон жактырылган. Президент кол койгон, ал күчүнө кирген, иштеп атат. Азыр мыйзамды жана ратификацияланган келишимдерди аткаруу тартибинде, ошол чек ара аныкталып, мамлекеттик чек ара линиясы өтүш керек, деморкация болуш керек. Ал эми мыйзам күчүнө кирип, ал эч ким тарабынан келишимдер денансация болбой, мыйзам жокко чыгарылбай туруп, ал элдик референдумга коюуга мүмкүн эмес. Буга Конституция дагы, мыйзам дагы жол бербейт.

- Сөзүңүзгө аралжы, жакында Аскар Акаевичтин Ош областында оппозициялык маанайдагы адамдар жөнүндө айткан сөзү бир топ чуулгандуу болгонсуду.

- Эми оппозициянерлер дагы ар кандай. Жалпы эле ар бир оппозиционерди айтпаса керек, жанагы радикалдуу, такыр келишпес оппозиция болуп атпайбы. Азыркы бийликти, мамлекеттик түзүлүштү, коомду шыбаганы шыбаган.

- Эми ушундай тирешүү боло берсе ортодо кан төгүлүү болушу мүмкүнбү? Аксы окуясынын чыгышын кимдер тарабынан кан төгүлгөнүн өзүңүз деле башка бийлик өкүлдөрү сыяктуу айтып жатасыз. Бийлик менен элдин ортосундагы мамилени жакшыртууда, ошондой эле оппозиция менен бийликтин ортосундагы абалды курчутпай жөнгө салууда бийлик жана оппозиция кандай кадамдарды жасаш керек? Бийлик менен оппозициянын бириге турган жолдору барбы, бул кандай жолдор?

- Жолдор бар. Саясий кризистүү ахыбалдан чыгуу жолдору, бир эмес, көп жолдору бар. Бирок кеп - официалдуу бийлик ошону каалап жатат, ал эми жанагы радикалдуу оппозиционер катары көрүнгөн саясатчылар аны да каалабай турат. Алардын принциби - канчалык ахыбал начар болсо, ошончолук биздин оппозицияга жакшы болот деген принципти карманып турат. Ошон үчүн мен айтаар элем - бул эл менен бийликтин ортосундагы тирешүү, каршылашуу эмес. Бул белгилүү гана чөйрөнүн жана бийликтин ортосунда болуп аткан өз ара түшүнүшпөөчүлүктөр.

- Демократиялык өлкөнү оппозициялык күчтөрсүз элестетүүгө болобу? Ошондой эле оппозициялык маанайдагы адамдардын бийликти сындаган пикирлеринде кандай бир негиздерге таянган чындыгы барбы?

- Биз оппозициялык маанайдагы саясатчылардын айтып атканынын баардыгы карандай калп деп аткан жерибиз жок. Бирок көп нерсени аша чаап, коомчулукта туура эмес пикирлерди жаратууга аракет кылып жатат. Ал аракеттер конкреттүү бийлик адамдарына гана багытталган да. Ушул бийликтен ошол адамдарды кетирсе дагы, анан өздөрү же өздөрү колдогон адамдарды бийликке алып келиш. Мына бул саясий күрөштүн бир формасы. Бирок эң цивилдүү, маданияттуу формасы деп айтуудан биз такыр алыспыз.

- Укуктук мамлекетти курабыз деп жатканда Кыргызстанда адам укуктарынын абалы 2002-жылы кандай деген жыйынтыктарды айтасыз?

- Адам укуктары Кыргызстанда жакшы эле. Мына бу коомубуздагы болуп жаткан көрүнүштөр, бул дагы Кыргызстандын демократиялык нукта өнүгүп бараткандыгы жөнүндө күбөлөндүрөт. Кайсы биздин кошуна өлкөлөрдө ушундай көрүнүштөр барбы? Өзбекстанда барбы? Казакстанда анча-мынча бар, бирок мындай деңгээлде эмес. Түркмөнстанды айтпай эле коёлук.

- Курманбек мырза, Жаңы жыл да жакындап калды. Сиз «Азаттыктын» угармандарына кандай каалоо-тилектериңиз бар?

- «Азаттыктын» угармандарына мен ушул жаңы жылда аманчылыкты, бейкутчулукту, жакшылыкты чын ыкласыман каалап кетким келет. «Азаттык» радиосунун кызматкерлерине менин пикирим жакшы.

- Маек куруп бергениңизге чоң рахмат.
XS
SM
MD
LG