Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 17:32

БИ-БИ-СИ ДҮЙНӨЛҮК КЫЗМАТЫ 70 ЖЫЛДЫК МААРАКЕСИН БЕЛГИЛӨӨДӨ.


Кыргызстан бийлиги менен Би-Би-Синин ортосундагы мамилени өтө ысык деп жана ошондой эле, аябай суук деп айтууга болбойт, деп эсептейт маалымат кызматынын Бишкектеги стрингери Султан Жумагулов.

Ушул күндөрү Би-Би-Си дүйнөлүк маалымат кызматы өзүнүн түптөлгөнүнө 70 жыл толгонун белгилөөдө. Бул туурасында кеңирирээк маалымат алуу максатында Би-Би-Синин Бишкектеги кыргыз кызматынын стрингери Султан Жумагуловду сөзгө тарттык:
Султан мырза, алгач, 70 жылдык мааракеңиздер кут болсун! Сөз башын Би-Би-Синин качан, кандай максатты көздөп ачылганынан баштасак?

- Би-Би-Синин тарыхы 1932-жылдан башталат экен. Бул радио алгач жалаң гана Британиянын англичандары үчүн, дагы бир жолу белгилеп коеюн, жалаң гана англичандар үчүн арнап чыгарылган экен. Кийин анын алкагы англис тилдүү өлкөлөрдөн чыгып, кеңейип, мына ушул тушта дүйнөнүн 43 тилинде чыгууда. Анын ичинде кыргыз тилинде чыкканы да өзгөчө сыймыктана турган жагдай деп айтаар элем.

- Би-Би-Синин кыргыз тилиндеги берүүлөрү качантан бери обого чыгып келатканын угармандарыбыздын эсине салып өтсөңүз? Анан маалыматтар кандай даярдалат жана алар кимдердин колунан чыгат деген суроого да жообуңузду уксак?

- Борбор Азия жана Кавказ секциясы өзүнчө бир секция. Ал 1995-жылы түзүлгөн. Ошондо алгачкы карлыгачтар Бишкектен учуп барышкан. Ошол секцияны түзүүгө катышышкан. Ал эми 1996-жылы июнь айынан тарта кыргыз кызматы түптөлгөн. Аны Гүлнара Касмамбетова, Кубан Таабалдиев, Арслан Капай уулу жана Акчолпон Койчиева түзүүгө катышышкан. Ал эми Бишкектен төртөөбүз – мен, Султан Жумагулов, Кубат Чекиров, Толкунбек Турдубаев жана Жыпар Абдразаков кабар берип турабыз. Мен 2000-жылдан бери иштеп келатам. Ошондон бери Би-Би-Си маалыматтарды бейтараптуулук, калыстык, оперативдүүлүк, фактылардын тактыгы сыяктуу принциптерди катуу сактап берерине катуу ишендим. Бир дагы өкмөткө же оппозицияга, саясий партияларга тартпай турганына ынандым.

- Би-Би-Си менен Кыргыз бийлигинин ортосунда кандай мамиле калыптанды деген ойдосуз?

- Кыргызстан бийлиги менен Би-Би-Синин ортосундагы мамилени өтө ысык деп жана ошондой эле, аябай суук деп айтууга болбойт. Себеби, 1995-96-жылдарда кыргыз өкмөтү өзүнүн мамлекеттик каналынан жарым сааттан убакытты атайын Би-Би-Си үчүн бөлүп берген. Би-Би-Си да мамлекеттик кыргыз радиосуна акыркы үлгүдөгү студия ачууга жардамдашкан.

- Сиздин оюңузча, Кыргызстандын маалымат мейкиндигинен эл аралык маалымат агенттиктери өз ордун таптыбы? Тапса алар эмнеси менен элге алынды?

- Эл аралык маалымат агенттиктери, сөз жок, кыргыз маалымат мейкиндигинен өз ордун тапты десек болот. Би-Би-Си, «Азаттык», Ройтер, Франс-пресс, IWPR - иштөө принциптери бири-бирине окшош. Себеби, алар журналисттиканын эл аралык стандарттарын, үлгүлөрүн сакташат. Ушунусу менен угармандарга алынышты. Жергиликтүү ММК лар да ушул жаңы стандарттарды сактап иштөөгө аракеттенген жышааналар бар.

- Маегинизге ыракмат, Султан мырза!
XS
SM
MD
LG