Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:09

АКШнын ЧАЛГЫНДОО КЫЗМАТТАРЫНЫН АЙЛАНАСЫНДАГЫ МАСЕЛЕЛЕР.


Нарын АЙЫП, Прага 2001-жылдын сентябрында АКШга каршы жасалган террор чабуулдарынан кийин америкалык коомчулук өлкөнүн чалгындоо кызматтарын катуу сынга алууда. Бир жыл ичинде көптөгөн изилдөө иштери жүргүзүлдү жана өлкөгө жаңы түзүлүштөр керек деген сунуштар да айтылууда.

Жалпысынан алганда, Америка калкы өзүнүн чалгындоо кызматтарын көп жакшы көрбөйт жана алардын ар бир катасын кызуу талкуулап, күнөөлүлөрдү жоопко тартууну талап кылат. Мисал үчүн, коомчулуктун басымы астында мындан он-чакты жыл мурда атайын чечим кабыл алынып, адам укуктарын бузган кишилердин Борбордук чалгындоо агенттигинде иштешине тыюу салынган. Кээ бир эксперттердин айтымында, дал ушу сыяктуу чечимдер бул уюмду бир кыйла алсыратты.

Мурдагы конгрессмен Билл Френзелдин айтымында, тыңчыларынын тазалыгын текшергенден мурда, чалгындоо кызматтары өзүнүн негизги максаттарын тике аткарууну көздөш керек: "Америкалык чалгындоо кызматтары эң натыйжалуу ыкмаларды колдонуп иштеш керек. Эгерде алар керектүү маалыматты өтө деле жакшы эмес адамдан сатып алууга мажбур болсо, анте берсин, анын жаман эч нерсеси жок, маселе - андай маалыматтын сапатында гана".

Америкада абдан көп чалгындоо кызматтары бар жана сынга азыр алардын негизги үчөө - орусча "ЦРУ" деп аталган Борбордук чалгындоо агенттиги, "ФБР" деп аталган Федералдык тергөө бюросу жана Улуттук коопсуздук агенттиги алынууда. Былтыркы террордук чабуулдан кийин америкалык Конгресс бул маселе боюнча атайын комиссия түзгөн жана ал комиссия өз докладын 11-декабрда жарыялады. Анын негизги жыйынтыгы - аталган үч уюм бир-бири менен жетиштүү деңгелде кызматташпайт, ошондуктан, алардын жана Коргоо министрлигинин аракетин бир-бирине айкаштырып туруу үчүн, өзүнчө жаңы уюм түзүү керек. Комиссиянын төрагасы Джеймс Гилмордун айтымында, жаңы уюмдун башчысы өкмөткө мүчө болуп киргени да жакшы.

Анткен менен америкалык эл арасында ЦРУ менен ФБР былтыркы террор чабуулдарынын алдын ала алган эмес деген терс пикир дагы эле күчтүү. Ошондуктан, ал террор аракеттерине жол берилгендик үчүн ким күнөөлүү деген маселени чечиш үчүн, дагы бир комиссия түзүлдү. Ага он мүчө шайланды жана комиссия өз ишин эч кимге баш ийбей алып барат. ЦРУ жөнүндө бир нече китеп жазган Дэвид Вайздын айтымында, бул уюм өлкөнү коргоо максатында түзүлгөн жана өлкө менен анын калкы корголбой калып жатса, эмне үчүн андай болгондугун коомчулук билүүгө укуктуу.

Калифорния мамлекеттик университетинин профессору Стэффорд Томастын пикири боюнча, эл аралык террорчулукка каршы согуш башталгандан кийин, ЦРУнун максаттары азыр 60- же 70-жылдардагыга караганда алда канча так, анткени кансыз согуш учурунда ЦРУ кээде бардык орчундуу маселелер үчүн жооптуу болуп калчу. 1960-жылдарда ФБР дагы катуу сынга дуушар болгон жана Виетнамдагы согушка каршы чыккандардын изин кууп, катаал тергөө жүргүзгөндүгү үчүн, анын ишин Конгресстин атайын комиссиясы тергеген.

Анткен менен, профессор Томастын айтымында, чалгындоо кызматтарынын бир орчундуу өзгөчөлүгү бар. Алардын аракеттеринин басымдуу бөлүгү, жана анын ичинде ийгиликтери дагы, кеңири коомчулукка белгисиз бойдон жатат, коомчулук бул уюмдар тууралуу көпчүлүк учурда орчундуу ката кеткенде гана эстейт.

Бирок жакында ЦРУ тарабынан ишке ашырылган бир жашыруун операция кайрадан коомчулуктун бүйүрүн кызытты. Ноябр айында Йемен мамлекетинде бир спорт машинесине ракета тийип, анын ичинде отурган Абу Али аль-Харити деген адам курман болду. Ал адам “Аль Каида" уюму менен байланышкан жана 2000-жылдын октябрында америкалык аскерий кемени жардырууга катышкан деп айтылууда. Кээ бир маалыматтар боюнча, аль-Харитинин көзүн ЦРУ тазалаган жана эми - эч сотсуз андай өлтүрүүлөрдү уюштуруу мыйзамга жана этикага канчалык жатат деген маселе чыгууда.

XS
SM
MD
LG