Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 07:33

ПХЕНЬЯНДЫН АТОМДУК ОПУЗАСЫ.


Пхеньяндагы режим, Түштүк Кореянын бийликтен кетип жаткан президенти Ким Дэ Чжундун сөзү боюнча, региондо атомдук кризисти атайылап курчутуп жатат. Атом энергетикасы боюнча эл аралык мекеменин – МАГАТЭнин өкүлдөрү ырастаган маалыматтарга ылайык, түндүк кореялыктар атомдук электр станциясындагы реакторду ядролук отун менен толтура башташты. Пхеньяндын бул аракетин Вашингтон администрациясы калпыс кадам деп баалады, Пентагондун башчысы атүгүл Кошмо Штаттары бир эле учурда эки фронтто согуша аларын эскертти.

Мындан сегиз жыл илгери Кошмо Штаттары, Япония жана Түштүк Корея Пхеньян менен атайын келишим түзүшкөн. Анын шарттарына ылайык түндүк кореялыктар бардык ядролук программаларын жаап, атомдук станциясын токтоткон. Вашингтон мунун ордуна Пхеньяндын кадимки электр станцияларын мазут менен жабдып турганга жана суу менен иштетилчү эки атомдук реактор куруп бергенге милдеттенген. Быйыл күзгө чейин келишимдин шарттары бузулганы байкалган эмес болчу, бирок ноябрда Пхеньян уран байытуу иштерин жашыруун түрдө жүргүзүп келгенин моюнга алды. Буга жооп кылып, Вашингтон түндүк кореялыктарга мазут жөнөткөндү токтотту. Отунсуз калган Пхеньян болсо декабрдын ортосунда атомдук станцияларын кайра иштете тургандыгын жарыялады. МАГАТЭнин байкоочулары ырасташкандай, Йонбендеги атомдук станцияга ядролук отундун жаңы партиялары жеткирилди. Эл аралык байкоочулар тобунун өкүлү Марк Гвоздецкинин сөздөрү боюнча, түндүк кореялык инженерлер станцияга орнотулган МАГАТЭнин бардык көзөмөл жабдууларын алып салышты. Эгер реактор иштетилсе, анда колдонулган отундан ядролук курал жасаганга болот дешет.

Кошмо Штаттардын администрациясы Түндүк Кореяны мындай калпыс аракеттерден сактандырды. Ал эми Пентагондун башчысы Дональд Рамсфелд Пхеньянга өтө катаң эскертүү жасады. Атап айтканда, “эгер Пхеньян Иракка байланышкан азыркы кризисти пайдаланып калганга умтулуп жаткан болсо, анда катуу жаңылышат”, - деп айтты ал. Рамсфелддин сөздөрү боюнча, АКШ бир эле мезгилде регионалдык эки согуш жүргүзө алат. “Биз бир согушта кадиксиз жеңип, экинчисинде душманды алам саатта талкалай алабыз”, - деп айтты Пентагондун башчысы. Ошону менен бирге Рамсфелд Ирак менен Түндүк Кореянын маанилүү айрымачылыгын да белгилеп көрсөттү. Анын сөздөрү менен айтканда, Иракты куралсыздандыруу боюнча көп жылдык дипломатиялык күч-аракет майнап берген жок, ал эми Пхеньяндын проблемасы жакында эле пайда болду. Андыктан бул маселени жөнгө салганга али алдыда мүмкүнчүлүктөр бар.

Айтмакчы,Түндүк Кореянын бийликтери Вашингтон менен сүйлөшүүлөргө даяр экендигин ырасташты. А “кокус Вашингтон эки тараптуу жаңжалды эл аралык проблемага айланткысы келсе, анда ал кырдаалды ооздуктай алгыс алааматка түрткөн болот”, - деп айтылат Пхеньяндын билдирүүсүндө. Кошмо Штаттары болсо, мамлекеттик катчы Колин Пауэллдин сөздөрүнө караганда, проблеманы курчуткусу келбейт, ошол эле учурда опузадан алдастап да калбайт.

Президент Жорж Буш Түштүк Кореянын жаңы шайланган президенти Но Му Хен менен телефон аркылуу сүйлөшүп, түндүк кореялыктардын атомдук программасына байланышкан кырдаалды талкуулоо үчүн Сэулга атайын өкүлүн жиберүүнү макулдашты. Пхеньяндын кадамдарын Россиянын тышкы иштер министрлиги да сынга алды. Москванын айтымында, Пхеньяндын акыркы аракеттери бүткүл регионду камтамага салды. Ошентсе да Россия проблема ишкердүү сүйлөшүүлөрдүн негизинде жайчылык менен жөнгө салынат деп ишенет. Ал эми Түштүк Кореянын бийликтен кетип жаткан президенти Ким Дэ Чжун иш жаман жагына ооп баратканын белгилеп, күн сайын эрте менен чочуп ойгончу болгонун моюнга алды.

XS
SM
MD
LG