Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 21:38

Түндүк Корея атомдук реакторун иштетмек болууда.


Түндүк Корея атомдук программасын улантуу ниетин кайра кайталап, «биздин негизги максатыбыз ядролук каруу жаракты өнүктүрүүгө багытталбастан, аны тынчтык үчүн пайдалануу» деп билдирди Түндүк Кореянын мамлекеттик радиосу.
Билдирүүдө, ошондой эле, “Вашингтон “жакында Түндүк Корея ядролук каруу-жарак программасы бар экенин мойнуна алды” деген жалган маалымат тарткатты” деп, АКШ сындалат.
Түндүк Кореянын адистери Йонбен шаарындагы атомдук реакторго отун катары пайдаланылуучу 400 даанага жакын жылуулук огун алып келишкенин жана реакторго коюлган пломбалар алынып салынганын кечээ күнү МАГАТЭ билдирген.
Түштүк Кореянын президенти Ким Тэ Чжун ырасмий Пхеняндын реакторду ишке киргизүү аракетине байланыштуу кооптонуусун айтып, Корея жарым аралындагы кырдаалды туңгуюкка такоочу абалдан чыгуу үчүн ырасмий Сеул Япония жана АКШ менен чогуу аракеттенүү зарыл деди.
Ким билдирүүнү Түштүк Кореянын Коопсуздук Кеңешинин бүгүнкү кеңешмесинде жасады.

XS
SM
MD
LG