Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:19

Инспекция Ирактан массалык кыргын салчу куралдарын издөөдө.


Бириккен Улуттар Уюму менен Атомдук энергия боюнча эл аралык агенттик- МАГАТЭнин аскерий эксперттери Иракта массалык кыргын салчу куралдарды издөөнү улантышууда.
Эксперттердин бири бүгүн Ирактын ырасмий адамынын катышуусунда Багдаддагы технологиялык университеттин ректору Мазен Мохаммад менен маектешти. Мазен Мохаммад инспекция 27-ноябрда башталгандан бери массалык жок кылуучу куралдарга байланыштуу суралган экинчи илимпоз.
Кошмо Штаттар окумуштуулар тыш өлкөлөргө чыгарылып, Ирактын бийлик өкүлдөрүнүн катышуусу жок суралсын деп талап кылууда.
Россиянын тышкы иштер министринин орун басары Юрий Федотов кечээ ИТАР-ТАСС агенттигине: Ирак тараптан террордук коркунуч бар деген Кошмо Штаттар менен Британиянын ырастоосун колдогондой далил-таныктар эч кимде жок, - деп билдирген.
Федотов, ошондой эле, «Иракка каршы согуш болсо, терроризмге каршы Ооганстанда жүрүп жаткан согушка кедерги болот» деген.

XS
SM
MD
LG