Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 21:50

Баткен областынын бийлиги Тажикстан менен чектешкен жерде жаңы чек ара жана бажы постун коюуда.


Шайырбек Эркин уулу

БАТКЕН. Баткен областынын бийлиги Тажикстандын Ворух анклавы менен Исфара районун байланыштырган жолдогу Көк-Терек деген жерге чек ара жана бажы постун коюуда. Областтык акимчиликтин укук коргоо жана коргонуу бөлүмүнөн жума күнү алынган маалыматка караганда, бул тажик тараптын өздөрүнө жараша адекваттуу чара көрүү болуп саналат. Анткени кошуналар эки өлкөнүн ортосундагы, али тактала элек Жети-Өрүк деген жерге бажы жана чек ара постторун коюп, кыргыз атуулдарын азапка салып, Баткен областынын бийлигинин бул постторду алып салуу талабын канааттандырбай келет. Ал эми 27-декабрда түшкө жуук тажик бажычылары жогоруда аталган Көк-Терек бажы жана чек ара постторун коюп жаткан кыргызстандык жумушчуларды «жол биздики» деп кыйкырып, кубалап жиберген.

XS
SM
MD
LG