Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:27

Бишкекте Шанхай Кызматташтык Уюмунун эксперттеринин үчүнчү жолку жыйыны өз ишин аяктады.


Бакыт Аманбаев

БИШКЕК. 27-декабрда Бишкекте Шанхай Кызматташтык Уюмунун эксперттеринин үчүнчү жыйыны өз ишин аяктады. Кыргызстандын аталган уюмдагы улуттук координатору, Кыргызстандын тышкы иштер министринин орун басары Асанбек Осмоналиевден алынган маалыматка караганда, бул жолку жолугушуунун жыйынтыгында эксперттер аталган уюмдун аймактык антитеррордук структурасынын Кытайда жайгаша турган аткаруу комитетин жана Бишкекте жайгашкан антитеррористик бөлүмүн ишке киргизүү, ошондой эле аталган стуруктуранын боюджетин түзүү маселеси боюнча бир пикирге келишти. А. Осмоналиевдин айтымында, алдын ала сунуштар боюнча Бишкекте жайгашкан антитеррористик бөлүмдүн жетекчилигине Кыргызстандын өкүлү дайындалышы мүмкүн. Шанхай Кызматташтык Уюмунун курамына Орусия, Кытай, Казакстан, Кыргызстан, Өзбекстан жана Тажикстан кирет.

XS
SM
MD
LG