Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 00:53

КЫРГЫЗДАРДА ЖАҢЫ ЖЫЛ МАЙРАМЫ БОЛГОНБУ?


Адамдар келаткан жылдан жаңы нерселерди, жакшылыкты күтүшөт. Жаңы жыл береке чачкан, бакубат турмуш ыроологон жыл болсо экен деп аруу тилегин арзыйт.

Адам турмушунда майрам эзелтеден маанилүү роль ойноп келген. Ал тиричиликте, коомдук абалда жана үй-бүлөдө болгон бурулуш окуяны ритуал же салтанат менен белгилөөнү адатка айланткан. Майрам, демек, бир адамдын турмушун жана коомдук турмушту чагылдыруу менен жалпы жонунан адамдын рухий дөөлөтүнүн калыптанышына салым кошуп, жалпы коомдук маданий баалуулуктун орношуна өбөлгө болот. Башкача айтканда, майрам бул элдин рухий дөөлөтүнүн жана адамзат коомунун ааламды аңдоо түшүнүгүнүн ширетилишинен жаралган көрүнүш.

Майрамды белгилөө шартын жана анын тарыхында коомдук саясий-социалдык жана экономикалык өнүгүшүүнүн өзгөчөлүгүн баамдап, кайсыл майрам кайсыл убакта, кандай талапта жаралгандыгын билсе болот. Майрам өткөрүүнүн коомдук функцияларына карабастан, ал адамдардын башын бириктирип, табият таңуулаган жалгыздыкты, бөлүнүп-жарылууну жоюп, бардык катмардагы кишилерди чогулуп кубанууга өбөлгө түзөт. Майрам бул тек гана кызыл-тазыл карнавалдык шаан-шөкөт же ыр-бий эмес, мында элдин көрөңтөлүү салты, элестүү тарыхы менен маданияты камтылган.

Майрам күндөрү адамдар эшигин кенен ачып, өзүнүн жана тегерегиндегилердин көңүлүн көтөрүүгө аракет кылат. Бул убакта адамдар тамакка, кийимге, үйдү жасалгалоого ашыкча чыгым жасоого жол беришет. Майрамдык маанай жаралып, бири-бирин куттуктап, белек тартуулашат. Мында жалаң эле замандаштар ортосунда биримдик жаралбастан, элдин тарыхый эс тутумундагы, салт санаасындагы байланыш пайда болот.

Майрамда адам жашаган дүйнөгө болгон баалуулуктар өрнөк алат. Ошондуктан майрамдарды белгилөө шааниси жаштарды улуттук салт менен тарбиялоонун бир жолу болуп эсептелинет.

Эми кыргыздардын майрамдарына кайрылсак, элибиздин турмушунда пайда болгон өкүнүчтүү жагдайды баамдайбыз. Бир жагынан, кыргыздар белгилеп келген 31-декабрдагы Жаңы Жыл, 8-марттагы Аялдар Күнү, 1-май - Эмгекчилер Майрамы, 9-май - Жеңиш Күнү, 7-ноябрь Октябрь революциясы сыяктуу майрамдар, оболу, христиандык түшүнүктөгү, анан жалаң совет мезгилиндеги саясий, идеологиялык маанидеги майрамдар болсо, экинчиден, кыргыздар эски майрамдарын такыр унутуп калган.

Байыркы тарыхка байыр салсак, анда биз орто кылымдагы кыргыздардын аздектеп белгиленген күндөрү, майрам-салттары болгондугун билебиз. XI кылымдагы автор Гардизинин «Зайн ал-ахбар» кол жазмасында «кыргыздар арасында Фагинун аталган адамдар бар. Ар жылы алар мерчемдүү бир күнү бардык музыканттарды жыйып шаттуу майрам белгилөөгө чогулушат. Музыканттар ойноп баштаганда Фагинун эсинен танып, анан барып андан бул жылы болчу таңсыктык, молчулук, жамгыр жана кургакчылык, коркунуч жана коопсуздук, душмандардын чапканы туурасында сурай башташат. Ал айткандардын көбү чындап эле аткарылат» деп айтылат. Гардизи жазган «жылдын мерчемдүү мезгили» деген маалыматка кайрылсак, кыргыз тарыхына байланышкан маанилүү маселени баамдайбыз. Кыязы, Гардизи белгилеген жылдын мерчемдүү бир күнү жаңы жыл майрамы болсо керек. Анткени, адамдар келаткан жылдан жаңы нерселерби, жакшылыкты күтүшөт.

Жаңы жыл береке чачкан, бакубат турмуш ыроологон жыл болсо экен деп аруу тилегин арзыйт.

Орто кылымдагы кыргыздардын жаңы жылды белгилеп, майрамдагандыгын Кытай жазма булактары дагы кыйыр кабарлап кеткен. Анда кыргыздардын жылдын биринчи айын Маоши деп айтышканы жазылган. Кызыгы, Борбордук Азиядагы жана Чыгыштын Кытай, Жапония сыяктуу дыйканчылык маданиятын аркалаган өлкөлөр жылдын биринчи айын атайын аталыш менен белгилешип, ал күндү аздектеп майрамдап келишкен.

Ал эми орто кылымдагы Кыргыз өлкөсүндө сугат жолу менен жер иштетүү өнүккөндүгү белгилүү. Кыргыздар буудай, арпа, таруу жана Гималай арпасын айдашып, каганаттын калкын өз продукциясы менен камсыз кылышкан. Ошондуктан алар жыл башында, тактап айтканда, жаз айында чогулушуп, Фагинунду чакырышып, андан жаңы жыл кандай болот деп сурашкан. Кытай жазма булактарына караганда бул күн шаңдуу салтанатта өткөн. Чоорлор ойноп, доол кагылып, үйрөтүлгөн төөлөр жана арстандар калктын көңүлүн ачкан. Чебер дарчылар майрамды шаңга бөлөп, эр жигиттер ат үстүндө чабандестик ыкмасын көрсөтүшкөн. Кыргыз каганы дандан тартылган шарап ичип, карапайым калк болсо сүттөн тартылган ичимдике карынын кызыткан.

Чыгыш авторлорунун кол жазмаларынан жыйналган үзүл-кесил маалымат учугу ушинтип кыргыздардын жаңы жылдык майрамдарды жаз мезгилинде белгилегендигин далилдейт. Бүгүнкү күндө рухий дөөлөтүбүзгө жаңыдан кайтарыла баштаган Нооруз майрамы, байыркы кыргыздардын жаңы жыл белгилөө шааниси менен үндөшүп кетет. Ошондуктан кыргыз коомчулунда Ноорузду жаңы жыл катары майрамдоо ырасими өткөн тарыхыбызды кайрып, улуттук эс тутумду калыбына келтирүүгө өбөлгө болоору бышык. Албетте, мында азыр белгиленип келген, ал түгүл маданиятыбызга жуурулушуп кеткен 31-декабрды жээрип, же аны Нооруз менен карама-каршы койбой, жаз майрамынын мазмунун кеңейтип, маанисин арттыруу зарыл.
XS
SM
MD
LG