Линктер

шаршемби, 7-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 20:58

КЫРГЫЗСТАНДА ЖЫЛДЫН 10 МЫКТЫ СПОРТЧУСУ АНЫКТАЛДЫ.


2002-жылы эл аралык мелдештерде, Дүйнө, Азия чемпионаттарында, 14-Азия оюндарында кимдердин жылдызы жанып, жылдын мыктысы болууга татыды?

Ар жыл сайын спорттук ийгиликтерине жараша жылдын жыйынтыгын чыгарып, 10 мыкты спортчуну, 5 мыкты машыктыруучуну жана 3 мыкты спорт журналистин аныктоо салтка айланып калды. Спорт адистерине, массалык маалымат каражаттарына мыктыларды аныктоо үчүн атайын анкеталар таратылып, иликтенип жатат.

2002-жылы эл аралык мелдештерде, Дүйнө, Азия чемпионаттарында, 14-Азия оюндарында кимдердин жылдызы жанып, жылдын мыктысы болууга татыды? Бул жөнүндө айрым спорт адистеринин пикирлери кызыктуу.

«Эгемендүүлүккө ээ болгондон бери быйылкы 2002-жылы болуп көрбөгөндөй ийгиликтер, 14-Азия оюндарында жаралды. Кыргызстан 12 медалдын ээси болду. Алтын медалдардын ээси болгон Татьяна Ефименко менен Татьяна Борисова мыкты спортчулар. Балбандардан Данияр Көбөнов, Уран Калилов, Надырбек уулу Улан жана Алексей Крупников байгелүү орундарга ээ болуп, 10 мыктынын катарында болууга укуктуу. Кыргыз спортунда стабилдүү ийгиликке жетип келаткан велоспортчу Евгений Ваккер чыныгы патриот. Кыз да болсо мөрөй алып, намыска жараган Яна Панова да мыкты. Мыктынын мыктысы деп боксчу Таалай Кадыралиевди атоо керек. Боксчу Алексей Катулевский да мыкты 10 спортсмендин катарына кирет», - дейт Бишкек шаардык спорт комитетинин төрагасы Турат Калыбаев.

Спорттук баяндамачы катары 14-Азия оюндарына күбө болгондуктан, жогорудагы спорт адистердин пикирлерин талдоого алып көрөлү. Чынында, Пусанда өткөн 14-Азия оюндарында жылдызы жанып, кыргыз өңүн дүйнөгө тааныткан грек-рим күрөшүнүн өкүлү Данияр Көбөновду мыктылардын башына койсок болот. Ал Пусанда дүйнө чемпиондорун жеңип, спорт адистердин өтө жогорку баасына арзып, калыстардын айынан гана алтын байгеге жетпей, күмүш медаль тагынган.

Жеңил атлетчилерден Пусанга экөө гана барып, экөө бирдей алтын медаль жеңип, Кыргызстандын тарыхында Азия оюндарынын алтын байгесинин эсебин ачты. Алардын бирөөнү гана мыктынын катарына кошсок, анда бийиктикке секирүүчү Татьяна Ефименко мыктынын мыктысы. Таня быйыл Азия чемпионатынын алтын медалын да уткан.

Мыктылардын сабында ар дайым аты угулуп келаткан велоспортчу Евгений Ваккер үч жолу Азия оюндарында үзбөй байге алып берди. ХII Азия оюндарында күмүш байге утса, ХIII Азия оюндарында коло медаль жеңген. Евгений Пусанда дагы марага экинчи келип, мыкты экендигин далилдей алды.

Эркин күрөш балбандарынын ийгилигин айтсак, алар Пусанда 1 күмүш, 2 коло байгелүү болгон. Келечегинен үмүткөр кылган Надырбек уулу Улан менен Яна Панова коло медалдуу болсо, Алексей Крупников ооруганына карабай, финалга чейин жетип, күмүш медаль тагынган. Алардан Алексейди мыкты десек ылайыктуу болот.

Ал эми азыркы спорттун беш түрүнүн жигиттер командасына кандай мактоо айтса да жарашат. Алар Азия чемпиондугун беш жолу жеңип алышкан. Жигиттерге эч кандай шарт түзүлбөсө да, спорт мектебин жаап салышса да, ийгилик жарата алышты. Пусанда Павел Уваров, Мирсаид Миржалилов жана Андрей Ханадеев Кыргызстанга күмүш медаль жеңип беришкен. Алардын ичинен бирөөнү гана атасак, лидери – Азиянын алты жолку чемпиону Павел Уваров мыктынын сабына татыктуу.

Мергендердин абийрин жапкан Елена Костюкованы Пусандагы коло байгеси үчүн 10 мыктыга кошсок болот.

Бокс чеберлеринин мыктысы да, намыскөйү да Таалай Кадыралиев. Коло медалы үчүн кувейттиктер сунуш кылган 15 миң америка долларын албай, эл намысын бийик коюп, жигиттик кылды. Мыктынын мыктысы деп Таалайды айтсак жарашат.

Быйыл оор атлетчилер чоң ийгиликке жетпесе да, Азия чемпионатында Улан Молдодосов алтын байгелүү болгон. Жакында Казакстандын дагы чемпиону аталды. 10 мыктынын катарында Уландын да орду бар.

Биатлон боюнча дүйнө чемпионатында Кыргызстанга күмүш байге утуп бергек Максим Маленькихтин чоң ийгилиги 10 мыктынын катарында болууга өбөлгө түзөт.

Гребля кайык жарышында Елена Рыбалова көп жолу Азия чемпионатында мөрөй алган. 2002-жылы Елена Азия чемпиондугунун алтын медалын тагынды.

Кикбоксингден Кыргызстан дүйнөгө таанылса, Канат Сыдыгалиевдин жылдызы жанып, дүйнө чемпиондугуна жетти.

Ошентип 2002-жылы жылдызы жанып, ийгиликке жеткен 10 мыкты спортчунун атын атап, талдоого алып көрдүк. Бул пикирге спорт адистери кошулабы же башкаларды атайбы, аны мезгил көрсөтөөр.
  • 16x9 Image

    Кабыл Макеш

    "Азаттыктын" спорттук баяндамачысы. Кыргыз улуттук университетинин журналистика бөлүмүн бүткөн. Кыргызстандын дене тарбия жана спорт энциклопедиясынын жана төрт китептин автору.

XS
SM
MD
LG