Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 04:57

ТҮРКИЯНЫН КОНСТИТУЦИЯСЫ ЖАКЫНДА ӨЗГӨРҮШҮ МҮМКҮН.


Нарын АЙЫП, Прага Өлкө конституциясына өзгөртүү киргизүү тууралуу мыйзамды Түркия парламенти 27-декабрда экинчи жолу кабыл алып, президенттик ветону жокко чыгарды. Эми бийликтеги партиянын төрагасы Режеп Тайип Эрдоган февралда парламентке шайланып, кийин өкмөттүн башына да келиши мүмкүн.

Түркияда 3-ноябрда өткөрүлгөн парламенттик шайлоодо "Адилет жана өнүгүү" партиясы жеңип чыккан, бирок анын төрагасы Режеп Тайип Эрдоган шайлоого катышкан эмес, анткени мындан төрт жыл мурда соттолгон. 1998-жылы Эрдоган саясий жыйында диний поэмадан үзүндү окуп, чогулгандар арасына диний араздашууну күчөткөн деп күнөөлөнгөн, ошондуктан, парламенттик шайлоого катышууга анын укугу жок. Анткен менен, ноябрдагы шайлоо алдында Түркиядагы мындай катуу тартипти Европа Биримдиги сындап чыккан.

Ал шайлоодо Эрдогандын партиясы парламенттеги 550 орундун 362-син утуп алган жана өлкөнүн акыркы 15 жылдык тарыхында алгачкы ирет өкмөт түзүүгө бир партия жалгыз өзү укук алган. Мурдагы премьер Бүлент Эжевиттин учурунда 34 министрден турган өкмөттө 10 кызмат кыскартылып, жаңы өкмөттү башкарууга - партиядагы Эрдогандын орун басары Абдулла Гул дайындалган.

Бийликке келер менен, "Адилет жана өнүгүү" партиясы өлкө конституциясына өзгөртүү киргизип, партия лидерин бийликке алып келүү аракеттерин көрө баштады. Бирок 19-декабрда президент Ахмет Неждет Сезер: ал өзгөртүүлөр жалгыз бир адам, Эрдогандын кызыкчылыгында гана даярдалган, - деп мыйзамга вето салган. Эми, парламент президенттик ветону жокко чыгаргандан кийин, президенттин ага экинчи жолу вето коюууга укугу жок, ал тек кана мыйзамды же Конституциялык сотко жиберип, же аны жалпы элдик референдумга кое алат. Жаңы мыйзамды Эрдогандын гана партиясы эмес, акыркы шайлоодо экинчи орунга чыгып, парламенттеги 177 орунду көзөмөлдөгөн Республикалык элдик партия да колдогондуктан, президент эми жаңы мыйзамга каршы эч кандай чара көрбөй тургандай.

Андай болгондо, келерки февралда өтө турган кошумча шайлоого Эрдоган катышып, парламентке шайланышы мүмкүн жана андан кийин өкмөттү башкарууга келет. Ноябрда үч шайлоо чөлкөмүндөгү жыйынтык жараксыз деп табылган.

Өкмөттү азыр жетектеген Абдулла Гул жаңы өзгөрүүлөрдү демократиялык багытта алга жылуу деп түшүнөт жана 1980-жылдагы аскерий төңкөрүштөн кийин кабыл алынган конституцияны эскирди деп эсептейт: "Биз жаңы конституция даярдайбыз жана ал - өлкө өнүгүшүнө кедерги болуп калган учурдагы конституцияны алмаштырат. Жаңы конституция эл аралык эрежелерге жана Европа Биримдигинин талаптарына төп келип, эркиндикти камсыздап, коомдун ар бир өкүлүнүн саясий турмушка катышуусуна өбөлгө болушу керек. Жеке адамдын укуктарын жана эркиндикти эң жогору баалаган жаңы конституция плюрализм жана демократияны чагылдырып, мамлекеттин демократиялык баалулуктар менен мыйзам күчүнө негизделишин камсыз кылууга тийиш".

Анткен менен, кээ бир эксперттер Эрдогандын партиясын диний партия деп билет, анткени ал мындан бир жарым жыл илгери гана, мурдагы "Жыргалчылык" партиясынын ордуна түзүлгөн. "Жыргалчылык" болсо, таза диний партия болчу жана ошондуктан бийликтен 1997-жылы четтетилген.

"Адилет жана өнүгүү" партиясы өзүн расми түрдө динден оолак кармаганы менен, расми имараттар менен мектеп-университеттерде келин-кыздарга жоолук салынууга тыюу салган эрежеге премьер Абдулла Гул жакында каршы чыкты. Ал эрежени 1925-жылы Мустафа Кемаль Ататүрк киргизген жана ал 75 жылдан бери түрк коомунда ар башка пикир жаратууда. Мындан үч жыл мурда депутат айым Мерве Кавакчи парламентке жоолук салынып келгенде, парламент имаратынан күч менен чыгарылган. "Адилет жана өнүгүү" партиясы канчалык диний уюм экендиги эми ушул жоолук маселесинен аныктала тургандай.
XS
SM
MD
LG