Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 14:24

КЫРГЫЗСТАНДЫН ТЫШКЫ КАРЫЗЫН АЗАЙТУУНУН СТРАТЕГИЯСЫ ТАЛКУУЛАНДЫ.


Сапар Орозбаков, Бишкек 27-декабрда Мыйзам чыгаруу жыйынынын бюджет жана финансы комитети ПРООН менен бирдикте «Кыргыз Республикасынын тышкы карызынын проблемалары» деген семинар өткөрдү. Ага өкмөттүн өкүлдөрү, депутаттар жана бейөкмөт уюмдар катышты. Семинарда Кыргызстандын тышкы карызын азайтуунун стратегиясы жөнүндө сөз болду.

27- декабрда Мыйзам чыгаруу жыйынын бюджет жана финансы комитети ПРООН менен биргеликте «Кыргыз Республикасынын тышкы карызынын проблемалары» деген семинар өткөрдү. Ага өкмөттүн өкүлдөрү, депутаттар жана бейөкмөт уюмдар катышты. Семинарда Кыргызстандын тышкы карызын азайтуунун стратегиясы жөнүндө сөз болду.

Эгерде Париж клубу Кыргызстандын тышкы карызын реструктуризация кылбаганда, өлкө өзүн дефолт деп жарыялаганга аргасыз болмок. Семинарда негизги доклад жасаган финансы министри Эмирлан Төрөмырзаевдин айткандарынан ушундай тыянак чыгарса болот.

«Чет өлкөлүк эксперттер, тышкы карыздардын статистикасынын негизинде, тышкы карыз өсүп, экономиканын жана бюджеттин туруктуулугун буза турган чекти аныкташкан. Бул чек – карыздын жалпы көлөмү ички дүң продуктка карата эсептегенде 80 %. Биз андан ашып кеттик. 2000–жылы эле ал 102 % түзгөн. Бир жылда кайрып бере турган карыздын көлөмү экспортко карата эсептегенде 15-20% ашпаш керек болсо, бизде ал 23% түзгөн. Ошол эле көрсөткүч бюджетке карата эсептегенде 15% дан көп болбош керек болсо, ал 37% жеткен. Эмне үчүн тышкы карыз аябай актуалдуу болуп отурат? Анткени анын көлөмү карызды төлөп берүү мүмкүнчүлүгүнө коркунуч туудурган. Өлкөнү банкрот же дефолт деп жарыялай турган кырдаал түзүлгөн», - деди Эмирлан Төрөмырзаев.

Үстүбүздөгү жылдын 7-мартында Париж клубу карызды реструктуризация жасаганга чейин Кыргызстандын мамлекеттик карызы 1 млрд. 690 млн. долларды түзгөн. Семинарда карыз 1995-2000 жылдарда өтө тездик менен өскөндүгү белгиленди. Бул жылдары Кыргызстан орто эсеп менен 200 млн. доллар карыз алып турган. Бул – өлкөнүн бюджетине тете.

Эгерде Париж клубу карызды реструктуризация кылып бербегенде Кыргызстандын төлөм балансынын тартыштыгы 2002 жылы 77 млн. долларды түзүп, 2003-2004 жылдары 88 млн. долларга чейин жетмек.

2002, 2003, 2004 жылдар ичинде Кыргызстан Париж клубунун мүчөлөрүнө 95 млн. доллар кайрып берүүгө тийиш болчу. Алар өз карыздарын артка жылдыргандын натыйжасында аларга эми 5,6 млн. доллар гана төлөп берүүгө мүмкүнчүлүк түзүлөт. Башка береселерин кошуп эсептегенде 2002-жылы 45 млн. доллар, 2003-жылы 37 млн. доллар, 2004-жылы 40 млн. доллар төлөйт. Бул экономикасы өнүкпөй орто жолдо турган Кыргызстан үчүн оңбогондой жеңилдик.

Бирок Париж клубунан кийин кыйынчылыктар артта калды деп айтууга болбойт. Төрөмырзаевдин айтымында, Бүткүл Дүйнөлүк Банктын, Эл аралык Валюта Фондунун жана биздин минфиндин аналитиктери бир эле жыйынтыкка келип жатат. Эгерде Париж клубу Кыргызстандын тышкы карызынын бир бөлүгүн кечпесе, 2012 жылга чейин ал өсүп-өнүгө албайт.

«Биз сөзсүз Париж клубу мындай кадамга барышы үчүн баардык чараны көрүшүбүз зарыл. Бул бизге тышкы карызды башкаруудан чыкпай тургандай кылып кармап турууга мүмкүнчүлүк берет», - деди Эмирлан Төрөмырзаев.

Муну семинарда экинчи доклад менен чыгып сүйлөгөн «CASE- Кыргызстан» консалтинг фирмасынын директору Роман Могилевский да тастыктады.

«Реструктуризация жөн эле төлөө мөөнөтүн артка жылдыруу. Биз 2004–жылдан ары да карашыбыз керек. Бул жагынан алып караганда карызды кечүү биз үчүн зарыл нерсе», - деди Роман Могилевский.

Париж клубу да Кыргызстандын карызын кечкенге даяр. Бирок ал азырынча кече элек. Канчасы кечилээри да белгисиз. Президент Аскар Акаев Кант шаарында эл менен жолугушуусунда 600 млн. кечет деп айтты. Финансы министри Болот Абилдаев андан мурда өткөргөн маалымат жыйынында 449 млн. доллар кечкени жатат деп айтканы бар. Азырынча карыздын канчасы кечилээри тургай, анын кечилээр–кечилбеси жөнүндө айтуунун өзү эртелик кылат. Анткени бул маселенин чечилиши Эл аралык Валюта Фондунун программасынын аткарылышына жараша болот.
XS
SM
MD
LG