Линктер

logo-print
шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 01:03

АРДАГЕР ЖУРНАЛИСТ ЭЛГЕ ЖАҢЫ КИТЕП ТАРТУУЛАДЫ.


Санарбек Карымшаков, Бишкек «Баян жол» аттуу китептин автору, карыя журналист Шайык Жамансариевдин 50 жылдан ашуун эмгек сапары “Айыл чарба”, “Эл агартуу” журналдарында, “Кыргызстан” мамлекеттик басмасында редакторлук кызмат аткаруу менен өткөн.

Жакында ардагер журналист Шайык Жамансариевдин «Баян жол» аттуу китеби жарык көрдү.

«Баян жол» аттуу китептин автору карыя журналист Шайык Жамансариевдин 50 жылдан ашуун эмгек сапары “Айыл чарба”, “Эл агартуу” журналдарында, “Кыргызстан” мамлекеттик басмасында редакторлук кызмат аткаруу менен өткөн. Ак эмгегинин аркасы менен ал Ардак Белгиси ордени, алтын медаль, Жогорку Кеңештин Ардак Грамотасы менен 3 жолу сыйланган. Кыргыз Республикасынын жана СССРдин эл агартуу отличниги. «Кыргыз Республикасынын эл агартуу ишине эмгек сиңирген ишмер» деген ардактуу наамдары да бар. Эки ырлар жыйнагынын, көптөгөн көркөм очерктер менен публицистикалык макалалардын автору. Ушул тапта 86 жашка келген кутмандуу курагында да элибиздин башынан өткөн кубанычтуу да, кууралдуу да күндөрү тууралуу тасмага тарткандай таасын жазып, чыгармачылык өнөрканасында чымырканып узанып келет. Кыргыз адабиятында көңүл бурулбай келаткан жанрлардын бири эскерме-мемуардык адабият экенин эске алсак, Шайык аганын ушул «Баян жол» аттуу китеби кадимки Калык Акы уулунун «Баскан жол» аттуу эскерме китеби дыңын бузган, ушул жанрдын учун узарткан урунтуу эмгек болуп калмакчы. Анда автордун 80 жылга жакын мезгил аралыгында советтик, партиялык, журналисттик кызматтарды аркалап жүргөндөгү башынан өткөргөн ооматтуу да, ойрондуу да күндөрү объективдүү жазылган. Айрыкча бир тууган агасы Асанбай Жамансариев 1938-жылы 34 жашында «эл душманы» делинип атылып кеткенине байланыштуу тарткан ызасы, көргөн кордугу туралуу жазылган барактар. Ошол Асанбай аганын дайыны кийин эле ушул жаңы заман келгенде билинип, сөөгү Чоң-Ташта айтылуу Ата-Бейит көрүстөндөгү 137 шейит менен бирге жайгалгандыгы жалпыга маалым. Баяндын баш сөзүн кыргыздын эл жазуучусу Мар Байжиев жазып, ал өзү дагы жалган жабыштырылган жалаалардан улам жабыркаган күндөрүн жарыя кылып китептин мазмунун тереңдеткен. Баш сөздүн автору акыйкат белгилегендей азыркы тапта жаңыдан өсүп-өнүгүп баш алып өлкөбүздүн тагдырын колуна ала баштаган жарандар, андан кийинки келечек муундар, кыргыз эли эгемендүүлүккө кандай жетип, өзүнүн биринчи президентин шайлап алганга чейин кандай татаал ашууларды, ач белдерди ашып, тайгак жол басып, буркан-шаркан кечүүлөрдөн өтүп, далай–далай залкар инсандарын жоготуп келгенин биле жүрсө, балким, пейили таза эл-журтунун кайгылуу тагдырына, жер жүзүнөн алакандай орун алган ата-журтуна кайдыгер карабас деген үмүт бар. Ырасында эле карыя журналист өткөн мезгилдин борошолуу, эрибес, муңдуу мезгилдерин сүрөттөгөндө «керегем сага айтам, келиним сен ук, уугум сага айтам уулум сен ук» деген элдик накылды эске салып, дал бүгүнкү атка минерлерге кайрылып, агалык акыл-насаатын айтып жаткандай. Мындан аркы сөзүбүз баяндын автору менен улансын.
- Шайык ага, сиз Үркүндү да, андан берки доорду да башыңыздан өткөрүп, мына бүгүн токсондун той этегин таянып небере, чөбөрөлөрүңүздүн төрүндө урмат-сыйга бөлөнүп отурган чагыңыз. Ошол баштан өткөргөндөрдүн эсте бекем сакталып калган кызыктууларынан кеп салып берсеңиз.

- Ооба. Мен көп жашап, көптү көрүп, башыман далай жамандык-жакшылык өтүп көк чоку болуп калган кезим. Анын баарын эскерип айтып отурууга азыр убакыт жок. Ошондуктан мен эсимде калган кээ бир жакшы окуяларды эске сала кетейин. Мен 1929-жылы Москвадагы Бүткүл Дүйнөлүк пионерлер слетуна катышкам. Ошондон 12 сентябрда келгенде Жоомарт Бөкөмбаевдин жардамы менен, ал кездеги тунгуч эң чоң окуу жайы болгон борбордук педтехникумга окууга кирип калдым. Ошол педтехникумга киргенде, мен окуган класста Алыкул Осмонов, Райкан Шүкүрбековдор окушат экен. Ошолор менен бирге окуп, бирге жүрүп, бирге чоңоюп, кийин бирге 6 жыл бир үйдө жатып иштеп калдык.

- Шайык ага, бир тууган агаңыз ошондо жалган жалаа менен атылып кеткенден кийин, сизге да «эл душманынын иниси» деген уйгак жабышып жүргөн учурлар болдубу?

- Албетте. Ал кездин тартиби ошондой экен, ал киши 1937-жылы «эл душманы» катарында ак жеринен камалып, атылып кеткенден кийин мени окудан кууп чыгышты, Москвада окучумун андан кубалады. Харьковго кетип калып окудум, андан кубалашты, андан кайра Москвага келдим, бир мектепте окуп атсам андан да кубалашты. Анан Кыргызстанга келдим, келип бул жерден да көп анча тынчтык болбогондон кийин үч айча темир жолдо качып жүргөн убактым болду. Бирок «ак ийилип, сынбайт» деген чын экен. Кийин ак иштеп, ушу партия менен өкмөткө ак эмгек сиңиргеним бааланып, көп сыйлыктарды алдым, орден, медалдарды алдым, эл агартуу боюнча эмгек сиңирген ишмер деген ардактуу наамга да ээ болдум. Мына ошону менен азыр балалуу-чакалуу, небере, чөбөрөлүү болуп жашап келатам, - дейт Шайык Жамансариев.
XS
SM
MD
LG