Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:56

Түндүк Корея плутоний өндүрүүчү лабораториясын кайра ачкан жатат.


Түндүк Корея плутоний өндүрө турган атайын лабораториясын кайра ачканы жатат. Бул тууралуу Пхеньян бийликтеринин МАГАТЭнин жетекчилигине жолдогон катында айтылат. Ушул эле күнү МАГАТЭнин өкүлдөрү өлкөдөн чыгарыла тургандыгын түндүк кореялык ырасмий маалымат агенттиги кабарлады. Муну МАГАТЭнин өкүлдөрү өздөрү да ырасташты. Чет өлкөлөрдөн жергиликтүү электр станцияларына керектүү отун түшпөй калгандыктан Пхеньян атомдук программасын кайра жандантууну чечти. Россиянын атом энергетика министри Александр Румянцев азыркы чыр-чатак КЭДА долбооруна катышкан тараптар өз милдеттенмесин аткарбаганынан улам келип чыккандыгын белгиледи. Орус министри мунун натыйжасында Түндүк Корея отунсуз калды жана он жылын бөөдө кетирди деп эсептейт. Ал эми Түштүк Кореянын жаңы шайланган президенти Но Му Хен атомдук программасын жандантып, Пхеньян өз коопсуздугуна өзү коркунуч түзүп жаткандыгын белгиледи.

XS
SM
MD
LG