Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:10

МАГАТЭ өзүнүн эксперттерин Түндүк Кореядан чыгара баштайт.


МАГАТЭ өзүнүн эксперттерин алдыдагы шейшемби күнү Түндүк Кореядан чыгара баштайт. Бул тууралуу аталган мекеменин өкүлдөрү билдиришти. Кечээ жума күнү Кошмо Штаттар менен Атом энергиясы боюнча эл аралык агенттик - МАГАТЭ Түндүк Кореяны эл аралык байкоочуларды өлкөдөн чыгаруу чечимин кайра карап чыкканга чакырган эле. МАГАТЭнин байкоочулары 1994-жылдагы келишимге ылайык Пхеньяндын атомдук программаларына көзөмөл салып турушкан эле. Жума күнү Ак Үйдүн өкүлү Скотт Маклеллан Вашингтондун Пхеньянга каршы күч колдонуу ниети жоктугун белгилеп, чатакты жөнгө салганы Кошмо Штаттар жалаң дипломатиялык ыкмалар менен гана аракеттене тургандыгын ырастаган болчу.

XS
SM
MD
LG