Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 17:25

Ыстамбулда мүмкүн болчу Ирак согушуна каршы демонстрация өттү.


Ыстамбулда бүгүн Ирак согушуна каршы 2 миңден көп адам катышкан демонстрация өттү. Негизги бөлүгүн исламчыл жана адам укугун коргоочу топтор түзгөн тынчтык демонстрациянын катышуучулары мүмкүн болчу Ирактагы согушка нааразылык иретинде АКШнын, Британиянын жана Израилдин байрактарын өртөштү.
НАТОнун мүчөсү Түркия непада Иракка каршы согуш башталса, Кошмо Штаттарга жардам көрсөтөт деп күтүлүүдө.
Бирок, Адилеттик жана өнүгүү партиясы башындагы өкмөт согушта АКШга көмөктөшүү боюнча ырасмий билдирүү жасай элек.
Согуш региондогу кырдаалды бейтсабилдештирип, Түркиянын экономикасын кризистен чыгаруу планына бөгөт болот деп кооптонот Түркиянын жетекчилиги.

XS
SM
MD
LG