Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:59

«Эксперт» агенттиги жаңы жыл алдында сурамжылоо жүргүздү.


БИШКЕК. Кыргызстандыктар үчүн 2002-жылы дүйнөдөгү эң таанымал адам Орусиянын президенти Владимир Путин жана эң маанилүү окуя Москвадагы «Норд-Ост» театрында көрүүчүлөрдү барымтага алуу болду. Мындай маалыматты 30-декабрда «Кабар» маалымат агенттиги «Эксперт» аттуу консалтингдик агенттиктин Кыргызстандын бардык аймагында жүргүзгөн сурамжылоосуна таянып таратты. Ал маалыматка караганда, өлкө калкынын сурамжылоого катышкан тобунун 49 % 2002-жылды ийгиликтүү болду деп эсептешет жана 50 проценти жаңы жыл жакшы болоруна ишенишет. Ал эми Кыргызстанда өтүп жаткан жылдагы башкы окуя Аксы окуясы, Орусия президентинин Кыргызстанга визити жана Бишкек тоо саммити болгондугун айтышкан. Өлкө ичиндеги эң таанымал адам деп суралгандардын 20 % президент Аскар Акаевди аташкан.

XS
SM
MD
LG