Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 04:20

«КЕЛЕЧЕК ДОЛБООРУ» КЫРГЫЗСТАНДАГЫ КОНСТИТУЦИЯЛЫК РЕФОРМАЛАР ТУУРАЛУУ ТАЛКУУ УЮШТУРДУ.


28-декабрда саясий изилдөөлөрдүн «Келечек долбоору» коомдук фондунун демилгеси менен «Кыргызстандагы конституциялык реформа жана демократиянын болочогуна» арналган «тегерек үстөл» талкуусу уюштурулду. Жыйынга бейөкмөт уюмдар, саясий партиялардын өкүлдөрү, белгилүү саясатчылар, укук таануучулар катышты. Кыргызстандын Баш Мыйзамын жаңылоонун жалпы элдик талкуусу эмдиги жылдын 2-январында аякталат.

Төртүнчү ирет жаңыланууга дуушар болуп аткан Кыргызстандын Конституциясы кандай болушу керек, бийлик бутактарынын бөлүштүрүлүшү, президент аткаруу бийлигин жетектеши туурабы, башмыйзамды улам-улам өзгөртүүдөн элибиздин утуш алары эмне? Талкууну ачкан «Келечек долбоору» коомдук фондунун жетекчиси Ишенбай Абдуразаков Конституция кайсы бир инсандар үчүн эмес, эл үчүн деп иштеши керектигине басым жасаса, Кыргызстан юристтер ассоциациясынын президенти Темирбек Кененбаев Конституциялык Кеңешмеге негизинен бийлик менен оппозициянын өкүлдөрү кирип, мындай маанилүү иштен жарандык коомдун өкүлдөрү четте калганын айтты. «Конституциялык Кеңешмеде жактырылган конституциялык өзгөрүүлөр менен кошумчалар, эл арасындагы талкуу көрсөткөндөй, коомдук турмушта бышып жетилген маселелерди чечкенге караганда бүдөмүк суроолорду көбөйтүүдө»,- дейт Кыргызстан юристтер ассоциациясынын президенти.

«Теңир Ордок» коомдук фондунун жетекчиси Дастан Сарыгулов бийлик бутактарын теңештирүү менен маселе чечилбесин, жаңы кылымга башбаккан Кыргызстан үчүн калк пикири менен баасынан бийлик эч нерсе жок экендигине токтолду. «Бул өзгөртүүлөр жаңы турмушка, өнүгүүгө, ийгиликке алып келбейт. Себеби, бул өзгөртүүлөрдүн негизги мазмуну бул болду: президенттин айрым укуктарын Жогорку Кеңешке бөлүштүрүштү. Маселенин түбү эмнеде? Бүгүн кыргыз эли бийликтен четтетилип калды. Эл бийлиги жок. Элдин алдында Жогорку Кеңеш , сот, мамлекетибиздин башчысы да жооп бербейт. Эл өзүнүн бийлигин турмушка ашыра албай калды. Конституциянын 1-беренесинде бардык бийлик элге таандык деп жазылганы менен, анын турмушка ашыруунун жолу көрсөтүлгөн эмес. Биз сунуштаган курултай накта элдин бийлигин орнотот эле. Ал биздин каныбызда, салтыбызга кирип калган. Ошо курултайдын алдында Жогорку Кеңеш, Жогорку Сот, Башкы Прокурор, мамлекет башчысы – баарысы жылда бир жолу жооп бериши керек. Ошондо эл бийлигин колуна алат болчу. Бүгүн элдин атынан бийлик жүргүзгөндөр эл алдында жооп бербей келатышпайбы. Биздин эң талуу маселебиз ушул болуп турат»,- дейт Дастан Сарыгулов. Ушул эле ойду белгилүү коомдук ишмер Алмамбет Матубраимов да улантты: «Элде азыр эч кандай бийлик жок. Президент болсо бийликтин өзү. Андан эмне артса – ошону мыйзам чыгаруу, сот бийлигине берип коебуз. Ошондон биз бир маселенин башын ачып алганыбыз оң. Референдумга конституциялык өзгөрүүлөр боюнча 2-3 долбоор коюлушу керек».

Алмамбет Матубраимов өкмөттө эч кандай укук жоктугуна токтолду. Мурда аткаруу бийлигин жалаң президент тескеп келсе, эми ага Жогорку Кеңеш кошулуп, ортодо өкмөткө эле оорчулук түшмөй болду. Мурунку өкмөт башчы Амангелди Муралиев баарын тескөөчүлүк коррупцияга гана жол ачарын айтты. Анын пикиринче, адам укугу менен эркиндигин Баш Мыйзамга так жазбай бийликтин бөлүштүрүлүшү тууралуу кеп кылуунун кереги деле жок. «Ard/Chechi» коммерциялык укукту жайылтуу долбоорунун директору Кемпл Брайан мындай иште талкууга коюлган маселеге караганда аны жүзөгө ашыруунун ачыктыгы маанилүү экендигин баса белгиледи «Батышта Конституцияны өзгөртүү сындуу олуттуу маселеге өтө этият мамиле жасашат,- дейт Кемпл Брайан ,- Антиштин себеби, киргизилген өзгөртүү мыйзамдуу болушу керек, адамдар ага ишенип, урматташы керек. Бул процесске коомчулук толук катышуусу керек. Ар бир айыл адамы талкууга катыша албаса да сөз эмне жөнүндө болуп атканынан кабардар болушу зарыл».

Жыйын катышуучуларынын көпчүлүгү президент өкмөттү башкарып, конкрет ишинин жоопкерчилигин алышы керектигин айтышты. Жыйында президент кызматтан кеткенден кийин анын өзү менен үй-бүлөсүнүн мамлекеттин эсебинен жашай тургандыгы, иштеги катачылыктары үчүн мыйзам жоопкерчилигине тартылбастыгы да курч сынга алынды.
«Демократия желаргысына кубанып мамлекет башчысы мамлекеттин эсебинен жашайт деп жазып койгонбуз. Эмки өзгөрүүдө болсо мамлекет башчы менен анын үй-бүлөсү өмүр бою мамлекеттин эсебинен жашайт деп атабыз. 8 триллион доллар өлчөмүндөгү ички дүң продукция өндүргөн АКШ мындай берешендикке бара албай отурса, эң кедей өлкө кызматтан кеткен башчысын өмүр бою бекер багам деп отурат. Ушундай да баеолук болобу, алакушту атынан эле атайын»,- деди Дастан Сарыгулов. «Келечек долбоору» коомдук фондунун жетекчиси Ишенбай Абдуразаков конституциялык талкуу аяктап баратканы менен чубалжыган суроолордун аягы азырынча көрүнбөйт, деп эсептейт: «Бул Конституцияга байланыштуу маселелер азырынча чийки, көп жагынан түшүнүксүз. Айрым жагынан артка кеткендейбиз деген пикирлер болууда. Талкуу аяктап баратканда, бул тууралуу белгилүү саясатчылар, депутаттар, бейөкмөт уюмдар, укук таануучулар кандай ойдо экендигин билүү максатында жыйын чакырганбыз. Булардын пикири келип бир жерден чыкты. Конституцияны өзгөртүүгө шашпаш керек, маселени ийине жеткирип, калыбына келтирип, көп жылдар иштей турган Конституция кабыл алуу керек, деген пикир айтылды».

Кыргыз бийлигинин оппозиция менен ымалага келип апыл-тапыл реформалап ийчү конституциялык талкуусу 2-3 айдан бери артка жылдырылып келатат. Эгер жарандык коом өкүлдөрүнүн пикири эсепке алынса, талкуу дагы узартылып калышы мүмкүн.
XS
SM
MD
LG