Линктер

шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 20:29

ОРУС БАСМА СӨЗҮНӨ БАЯНДАМА.


Төрөкул Дооров, Москва

Ушул аптада «Правда.ру» интернет-басылмасында жарык көргөн макала Токтогул суу сактагычынын абалын талкууга алды. Автор Юрий Разгуляев окумуштуулар менен саясатчылардын акыркы мезгилдерде жалпы эле региондогу саясий абалга карата ойлорун келтирет. Окумуштуулардын айтымында, суу-энергетикалык проблемалар мезгил өткөн сайын жалпы аймактагы башкы маселеге айланып, ортодогу катнашта да басымдуулук кылууда. Автордун пикиринде, суу сактагычтын бүгүнкү абалы көздү кубантат. Андагы суу былтыркы оор абалына салыштырмалуу алда канча жакшырып, эң алгач, мындай өзгөрүү суунун толукталуусу менен түшүндүрүлүүдө. Анткени, региондогу суунун жетишсиздиги Кыргызстан, андан сырткары коңшулаш Казакстан жана Өзбекстан республикалары үчүн кооптуу. “Мындай абалдын орун алуусу жалаң гана ачкачылык менен социалдык кыйынчылыктарга алып келиши мүмкүн”, деп жазат гезит. Суунун ролу Борбордук Азия өлкөлөрү үчүн өзгөчө экендиги мындагы жаратылыш шарттары менен да тыгыз байланыштуу. Советтер Союзунун тушунда Кыргызстан коңшу өлкөлөрдүн эгин жайыттарына сууну жөн гана жөнөтүп келген болсо, эмки абал мындагы соода мамиленин пайда болуусу менен курчуй баштады. “Бирок, ортодогу жылуу мамилени сактоодо мамлекет башчыларынын аракеттери күчтүү», дейт автор. Орусия Илимдер Академиясынын мүчө-корреспонденти, Президенттин экология маселелери боюнча кеңешчиси Алексей Яблоков мындай пикирге каршы экендигин билдирди.

“Борбордук Азия өлкөлөрүнүн өкмөттөрү тарабынан Арал деңизин коргоо боюнча атайын түзүлгөн уюм, ар бир өлкө жылына мамлекеттик казынадан Аралды сактоо ишине 1 пайыз каражатты бөлүү чечимин чыгарган болучу. Ошол каражаттын бүгүн кандайча колдонулуп жаткандыгы белгисиз. Анткени, абал өзгөргөн жок. Айтайын дегеним, Борбордук Азия өлкөлөрү бүгүнкү күнгө дейре суу маселесин натыйжалуу чечүүгө даяр эмес», – деди орусиялык эколог Алексей Яблоков.

Орусиялык басма сөз каражаттарынын көңүлүн бурган жагдайлар - Орто Азия аймагындагы сууну колдонуу маселеси менен катар учурдагы аскердик кызматташтыктын негизинде кандай өзгөрүүлөр орун алып жаткандыгы болууда. «Красная звезда» гезитинде бейшемби күнү басылган макала Коллективдүү Коопсуздук Кеңешинин төрагасы Валерий Николаенко менен болгон маекке арналат. Журналисттин «региондо Антитеррористтик Коалициянын курамындагы өлкөлөрдүн аскерий базаларынын орун алуусу Коопсуздук Келишинин жоболорунун негизинде кандайча каралат?» - деген суроосуна Николаенко, бул Келишимге кескин түрдө каршы деп айтуудан алыс экендигин билдирди. Коллективдүү Коопсуздук Келишиминин Уюму маселеге карата өзүнүн так мамилесин «базанын жайгашуусу убактылуу гана көрүнүш» деп түшүндүрөт. Ошол эле учурда бир катар аналитиктер мындай ойго кошулбай тургандыктарын айтышууда.

Аптанын шаршембисинде «Российская газета» да ушул маселеге кайрылып, аталган Кеңешке мүчө өлкөлөрдүн Коопсуздук Кеңештеринин жамаатынан куралган Комитеттин төрагасы Владимир Рушайло менен болгон маекти жарыялады. Рушайло жакында эле Кант районунда орун алган авиабазаны жайгаштыруу чечими үстүбүздөгү жылы Кишиневдо жана Москвада өткөн жыйындарда кабыл алынгандыгын айтып, Борбордук Азия региону, анын ичинде Кыргызстан ар кайсыл террористтик жана экстремисттик уюмдар өтүүгө аракет жасашкан аймак экендигин билдирди. «Ошондуктан, – дейт ал – Коопсуздук Кеңешине кирген бардык өлкөлөр ал аймактагы коопсуздук үчүн жапа тырмак күрөшүшү керек».
XS
SM
MD
LG