Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 12:45

Конституцияга кошумчаларды жана өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча талкууну улантуу сунушталды.


БИШКЕК. «Келечек долбоору» аттуу саясий изилдөөлөрдүн коомдук фонду Конституцияга өзгөртүү жана кошумчалар киргизүү боюнча талкууну 2003-жыл бою жүргүзүүнү, референдумга «Сиз Конституцияга өзгөртүүлөрдү жана кошумчаларды киргизүүгө макулсузбу?» деген гана суроону алып чыгууну сунуштады. Бул тууралуу шейшемби күнү аталган фонддон маалымдашты. Өз сунушун фонд конституциялык реформа өтө олуттуу экендиги, мында шашуу катачылыктарга алып келери жана талкуунун жүрүшү Конституция кошумча изилдөөлөргө муктаж экендигин көрсөткөндүгү менен негиздеген. «Келечек долбоору» саясий изилдөөлөр коомдук фондунда белгилүү саясий ишмерлер Муратбек Иманалиев, Оксанна Малеванная, Ишенбай Абдуразаков , Алмамбет Матубраимов жана башкалар бар.
  • 16x9 Image

    Айданбек Акмат уулу

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. Саясат, экономика темалары боюнча адис. Кыргыз Улуттук университетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG