Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 23:05

Такоолдогу Израилдик жоокерлердин доо аразы негизсиз деп табылды.


Израилдин Жогорку Соту такоолдогу жоокерлердин Батыш Иорданда жана Газа тилкесинде кызмат өтөөдөн баш тартуусун мыйзамсыз деп тапты.
Батыш Иордан менен Газа секторун Израил эл аралык мыйзамдарга каршы басып алган деп, такоолдогу сегиз жоокер бул аймактарда кызмат кылбайбыз дешип, аларды башка аскерий бөлүккө которууну өтүнүшкөн.
Сегиз доогер 1967-жылкы араб-жөөт согушу учурунда Израил басып алган жерлерде кызмат кылуудан баш тарткан аскерлер быйыл январда түзгөн уюмдун мүчөлөрү. Уюмда азыр 512 мүчөсү бар.

XS
SM
MD
LG