Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 02:52

Израил армиясы палестин террорчуларынын там-жайын сүздүрүп салды.


Израил армиясы өткөн жумада жөөт можурларынын конушуна кирип барып, төрт адамды өлтүргөн Палестиналык эки согушчандын үйлөрүн орду менен сүздүрүп салды.
Батыш Иордандагы келгин жөөттөрдүн Отниел конушуна чабуул койгон палестиналыктарды ошо замат Израилдик аскерлер атып өлтүргөн.
Чабуул үчүн жоопкерчиликти “Жихад” тобу өзүнө алган.
Бүгүн эле “Жихаддын” Отинел чабуулуна катышы бар төрт мүчөсүн Израил армиясы камакка алды.
Палестиналык жана эл аралык адам укугун коргоочу уюмдар согушчандардын үйүн сүздүрүп салууну “коллективдүү жазалоо” деп сындашты.

XS
SM
MD
LG