Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:11

Парижде теги Алжирлик террорчу кармалды.


Париждин Чарлз де Голл атындагы эл аралык аэропортунун теги Алжирлик кызматкери террорчулук кылууга кам көрдү деген шектенүү менен ишемби күнү камакка алынды.
Маалымат булактарынын билдиришинче, аэропорттун кол багаждар бөлүмүнүн 27 жаштагы кызматкеринин автомобилинен жардыргыч заттар, детонатор жана эки даана тапанча табылган.
Террорчу деп шектелген жарандын атасы, эки бир тууганы жана досу да камакка алынган. Анын кайсы бир экстремисттик же кылмыш топтору менен болгон байланышы жөнүндө эч кандай маалымат жарыялана элек.
Өткөн аптада Париждеги орус элчилигине кол салмак болгон террорчу топ кармалган. Француз бийликтери кармалган тогуз адам Чечен козголоңчулары жана «Ал-Каида» уюму менен байланышта деген ишенимде.

XS
SM
MD
LG