Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 21:11

Шанхайда жаңы үлгүдөгү поезд жүрүүчү темир жол ачылды.


Шанхайдын борборун шаардын аэропорту менен байланыштыруучу 30 чакырымдык темир жол магистралынын ачылышына Кытайдын Мамлекеттик Кеңешинин төрагасы Цзянь Цземинь жана бул жерге иш сапары менен келген Германия канцлери Герхард Шредер катышты. Дүйнөдө биринчи жолу ал темир жолдо магниттик жаздыкчалар менен жүрүүчү поезддер каттайт. Магниттик жаздыкчасы бар поезддер саатына 430 чакырым ылдамдык менен жүрүүгө жөндөмдүү жана алар немецтик технология менен чыгарылган. Шанхайдагы бул долбоордун жалпы наркы 1 миллиард 200 миллион долларды түздү.

XS
SM
MD
LG