Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 21:09

Полковник Юрий Буданов кылмыш жоопкерчилигинен бошотулду.


Мындай чечимди бүгүн Орусиянын Ростов-на-Дону шаарында аскердик сот чыгарды. Орус армиясынын полковниги чечен улутундагы өспүрүм кызды өлтүргөнү үчүн айыпталып келген. Сот «Буданов кылмыш жасап жаткан учурда акыл-эси ордунда болгон эмес» деп таап, аны психикалык ооруканага дарыланууга жиберүүнү чечти.
Ал эми Чеченстандын козголоңчул президенти Аслан Масхадов жаңы жылдык кайрылуусунда улутташттарын келечекте жанкечтиликке барбоого чакырды. Масхадов өз кайрылуусунда белгилегендей, ал чечен президенти катары жанкечтилик аракеттерин колдобойт. Бирок, адамдар жашоого жана өз келечеги үчүн күрөшүүгө укуктуу. Өткөн аптада жанкечтилер Москвачыл чечен өкмөтүнүн Грозныйдагы кеңсесине жасаган чабуулдан 83 адам мерт болду.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG