Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 23:57

Президент Кыргызстан элин Жаңы Жыл менен куттуктады.


БИШКЕК. 31-декабрдан 1-январга караган түнү президент Аскар Акаев Кыргызстан калкына жаңы жылдык куттукттоо менен чыкты. Анда президент, калкты куттукттоо менен бирге, өтүп бараткан жылдагы орчундуу окуяларга жана 2003-жылы аткарыла турган иштерге токтолду. Президенттин айтымында, конституциялык реформа жыйынтыктоочу этапта турат. «Биз «Кыргызстан - адам укугунун өлкөсү» деген улуттук жаңы идеяны жүзөгө ашырууга кирише баштадык. Демократиялык процесстерди өнүктүрүүгө мындай жаңычыл мамиле жакын арада өз жемишин берерине ишенем. Азыр ишенимдүү алга илгерилөө үчүн коомубузда ич ара талаш-тартыш чыкпоого тийиш. Анда араздашуу менен азгырыктын үрөнүн сепкен, улуттук кемебизди чайпалтууну каалаган кыйраткыч күчтөр болбоого тийиш», - деди президент жаңы жылдык куттукттоосунда.
  • 16x9 Image

    Айданбек Акмат уулу

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. Саясат, экономика темалары боюнча адис. Кыргыз Улуттук университетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG