Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 23:57

ОРУСИЯЛЫК БАСМА СӨЗГӨ БАЯНДАМА.


Муса Мураталиев, Москва

“Борбор Азия тарапта согуш чыгып кетүү коркунучу барбы?” деген суроого “Московские новости” (24.12.2002) жооп издейт. Мындай суроо, ал регионго Орусиянын капилеттен согуштук база уюштура башташынан улам келип чыккан. Кремлдин Азиянын ортосундагы жерлерге кайра кызыгуусу эки себептен улам делинет. “Биринчиси – Ташкент бийлигин кулатуу үчүн Өзбекстан Исламдык Кыймылы кайра жандана башташынан улам, небак о дүйнө кетти деген Жума Намонгони өлбөй-этпей эле азыр Бадахшан тарапта кол курап аткан экен.

Экинчи себеп - АКШ менен Орусиянын атаандаштыгы. Эмне дегенде Кантка согуштук база уюштуруу менен Орусия ал аймакка кайтып келди”, - деп жазат газета.

Чын эле Путин белгилеген Борбор Азиядагы террорчулар менен күрөш, акылга сыйбагандыгы менен көңүл бургузат. Москва ал аймактан алда канча алыста, так айтканда, Казакстандын кең талаасынан ары жаткан мамлекет.

Кызык жери, Өзбекстандын оппозициясынан чыккан куралдуу күчтү жок кылуу башкы милдет болоору ал жерде айкын болот. Андай болгондо Москва менен Ташкент эч болбоду дегенде жакшы мамиледе болушу керек эле. Азырынча болсо, жалпыга маалым болгондой, алардын ортосундагы алалык абдан курч, нары, барган сайын аралары алыстап барат. “Анан кайдан жүрүп Каримовдун жоосун жеңип бериш үчүн В. Путин кырчындай аскерлеринин жанын кыюуга барат?” деген суроого кабыласың.

Орусиянын күнүмдүк турмушунда боло турган өзгөчөлүктөр туурасында өлкөнүн массалык маалымат каражаттарында чыгып жаткан материалдарда көп айтылып жатат. Маселен, ОРТ каналы 1-чи январь күнү эртең менен берген маалыматында төмөнкүдөй деди:
«2003-жылдын биринчи январынан тартып илим жана агартуу жакта өзгөрүүлөр болот. Кандидаттык жана докторлук даража үчүн акы төлөө үч эсеге көбөйтүлөт. Ошондой эле элге билим берүү министрлигинин билдиргенине караганда, жогорку окуу жайларына сабак берүүчүлөрдүн маянасы кескин жогорулайт.

Эксперттердин алдын-ала айтканына караганда, кирип келген жылы турак-жай үчүн акы төлөө оорлойт, эмне дегенде, биринчи январдан тартып газга акы төлөө 20 пайызга, электр үчүн акы төлөө 13-14 пайызга көбөйөт”.

“Дордой” базарындагы контейнерлердин жарылуусу тууралуу (“Российская газета”, 28.12.2002) макалада тогуз киши кайтыш болуп, кыркка жакын киши жарадар болгону көргөзүлгөн. Жардыруу туурасында Курманбек Осмонов бул террордук акт болушу деле ыктымал дегени бар.

«Баарыга кымбат Борбор Азия» деген макалада «Российские вести» (25.12.2002) КМШ мамлекеттеринин арасынан, келечеги кандай жолго түшөөрү эмдигиче белгисиз бойдон калган регион - Борбордук Азия экендиги кеп болот. «Ал жактын мамлекеттериндеги авторитардык жана тоталитардык режимдер дүйнөлүк коомчулуктун жүйөсүн капарына албай өз оюнун улантып атат. Ушул себептен улам, Борбор Азия үчүн күрөшкө азыркы тушта Орусия, андан сырткары АКШ менен Европа, ал эми кийинки учурда Кытай, ал тургай Жапония, Түштүк Корея кошулушту», - деп жазат газета.

Кыргызстандагы учактар базасынан түшүп аткан киреше жөнүндө «МН» (24.12.2002) жазат. 2002-жылы Кошмо Штаттар Кыргызстанга берген жардамдын көлөмү 92 миллион долларды түзгөн. Макаланын автору үcтүдөгү жылы ал жардамдын көлөмү үч эсеге арта тургандыгын жазган.

Макалада, Канттагы учактар майданын ижарага алгандан кийин Орусия акы төлөөгө тийиш экендиги көргөзүлөт. Бирок финансы министри Болот Абилдаевдин айтканына караганда, Кыргызстандын Орусияга 171 миллион доллар карызы бар. Анын 58 миллионун 2004–жылдын акыркы айына дейре төгүп кутулуу милдеттенмеси бар. Анын «киреше бул жакта калсын, ошол насыябыздан кутулсак жакшы болот эле» деген сөзү көнүл бурууга арзыйт.
XS
SM
MD
LG