Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:53

Танаев жаңы жылда жаңы буйруктарын чыгарды.


БИШКЕК. Өкмөт башчы Николай Танаев 2-январдагы буйругу менен премьер-министрдин аппаратынын башкармалыктары, бөлүмдөрү жана структуралык бөлүмчөлөрү тууралуу жобону бекитти. Ага ылайык премьер-министрге караштуу жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу ишин көзөмөлдөөчү - мамлекеттик кызмат жана экономика, инвестиция маселелери боюнча башкармалыктар түзүлөт. Мындан тышкары премьер-министрдин тутумундагы басма сөз кызматы эми «маалымат менен камсыздоо бөлүмү» деп аталып, анын башчысы ошол эле учурда премьер-министрдин кеңешчиси катары саналат. Ал эми бул бөлүмдүн башчысынын орун басары бир эле учурда маалымат катчысынын милдетин аткарат. Бул тууралуу кыргыз өкмөтүнүн маалымат менен камсыздоо бөлүмүнөн кабарлашты. Ушул эле күнү алынган экинчи маалыматка караганда, премьер-министр өзүнүн буйругу менен атайын багыттагы обьектилерди долбоорлоону жана курууну уюштуруу боюнча мамлекеттик ишкананын директору кылып Токбаев Асанкулду, ал эми мамлекеттик «Темир» ишканасынын директору кылып Түлеев Нариманды дайындады.
  • 16x9 Image

    Бурулкан Сарыгулова

    "Азаттык" радиосунун Бишкек кеңсесинин баш редактору. Кыргыз Мамлекеттик улуттук университетинин журналистика факультетин бүтүргөн.

XS
SM
MD
LG