Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 00:24

Таласта төрт айыпкер камактан качты.


Машакбай Рахманкул уулу

ТАЛАС. Жаңы жылдын эң алгачкы күнү областтык милиция үчүн чуулгандуу окуя менен коштолду. Областтын ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматынан 2-январь күнү алынган маалыматка караганда, 1-январдын таңында жаңыдан пайдаланууга берилген айыпкерлерди убактылуу кармоочу жайдан 11 адам олтурган камерадан 4 айыпкер эшиктин сыртындагы темир тордун ширетмесин сындырып качып кетишкен. Качкандардын экөө уурулук үчүн, бирөө баңгизат үчүн, бирөө хулигандык аракеттер үчүн кармалган айыпкерлер болуп чыкты. Областтык милициянын бир сутка ичиндеги аракети азырынча натыйжа бере элек.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG