Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:39

Кыргызстандын борборунда былтыр 10 миңден ашуун кылмыш катталган.


БИШКЕК. Кыргызстандын баш калаасында өткөн 2002-жылы 10 миңден ашык кылмыш катталып, алардын 86сы киши өлтүрүү болгон. Мунун ичинен 10 кылмыш атайын буюртма менен ишке ашкан. Аталган кылмыштардын 65 пайызынын бети ачылган. Ошондой эле өткөн жыл ичинде экономикалык кылмыш жана коррупция боюнча 500дөн ашык, баңги кылмышы боюнча 700дөн ашык жана административдик тартип бузуу боюнча 60 миңден ашык факт катталган. Тартип бузган 6877 адам көзөмөлгө алынган. Өткөн жыл ичинде ошондой эле уруксат берилбеген 128 митинг жана пикеттер, көчө жүрүштөрү өткөн. Бул тууралуу Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын башчысы Кеңешбек Дүйшөбаев 2-январда билдирди.
  • 16x9 Image

    Бурулкан Сарыгулова

    "Азаттык" радиосунун Бишкек кеңсесинин баш редактору. Кыргыз Мамлекеттик улуттук университетинин журналистика факультетин бүтүргөн.

XS
SM
MD
LG