Линктер

шаршемби, 7-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 15:17

Аксы окуясында жабырлангандар Жогорку Кенешке жана Башкы Прокуратурага кайрылышты.


Ырысбай Абдраимов

ЖАЛАЛАБАД. 2-январда жабырлануучулардын адвокаты Сартбай Жайчибековдон алынган маалыматка караганда, кайрылуу ээлери аскердик соттун өкүмүнө нараазы. Жабырлануучулар сотко чейин тергөө жана сот материалдары менен өздөрүндөй эле адвокаты да таанышпаганын, тергөө бир жактуу жүргүзүлгөнүн белгилешти. 17-мартта Аксы райондук тартип сакчыларына көрсөтмө берген областтын прокурорунун орун басары Дүйшөн Момуновдун да жоопкерчилигин кароону өтүнүштү. «Депутат Азимбек Бекназаровго тиешелүү сот иши окуя болду деген Токтогул районунда өткөрүлсө, аскердик сот эмне үчүн 5 адам окко учкан Аксы районунунда болбоду?» деген сыяктуу суроолорго жооп берүүнү талап кылышты.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG