Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 21:15

Ысыкөлдө жаңы лыжа базасы ачылды.


Шейшекан Жаналиева

КАРАКОЛ. 2-январда Ысыкөл областынын Семенов капчыгайында лыжа базасынын ачылыш салтанаты өттү. Ага мамлекет башчысы Аскар Акаев катышты. Иш-чараны областтын губернатору Эмилбек Анапияев ачты. Мамлекет башчысы элдик «Ашар» жолу менен бүткөн лыжа базасын Ысыкөлдө туризмди өнүктүрүүнүн эл аралык деңгээлге көтөрүлө баштагандыгынын белгиси катары баалады. Президент ошондой эле областтын жамы журтун Кыргыз Республикасынын мамлекеттүүлүгүн 2200 жылдыгын белгилөөчү 2003-жаңы жылы менен куттуктап, жалпы кыргызстандыктарга ынтымак каалады. Аталган иш-чара мектеп окуучулары, областтык маданият жана искусствону өнүктүрүү борбору тарабынан даярдалган театрлаштырылган көрсөтүүлөр, концерттик программалар менен коштолду. Иш-чарада айтылган маалыматтарга караганда, лыжа базасынын асма жолу 5600 метр, ал эми лыжа тебүүчү жол 1 км. ашык аянтты ээлейт.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG