Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 12:44

МОЛДО КАЛБЕК МУСА УУЛУ АНЖЫЯНДЫК.


Кыяс Молдокасымов, Бишкек Кыргыз адабиятын барактап көрсөк, Х1Х кылымда жашап өткөн кыргыз акындардын арасынан жазгыч акындар деп Молдо Нияздын, Тоголок Молдонун, Молдо Кылыч сыяктуу саналуу гана акындардын ысымдары аталып келгени белгилүү. Жакында Х1Х кылымдагы кол жазмаларга, жана архивдик маалыматтарга кайрадан кайрыла келгенде, Молдо Калбек Муса уулу аттуу жаңы бир жазгыч акындын жашап өткөндүгү аныкталды. Анын кол жазмасы Ташкенттеги Чыгыш таануу жана Кол жазмалар институнда сакталып калганы менен, ага анчалык көңүл бурулбай келген.

Кыргыздын дагы бир чыгаан акыны Молдо Калбек Муса уулу тууралуу буга чейин эч айтылбай келген. Ал тууралуу Улуттук Илимдер Академиясынын Кол жазмалар бөлүмүнөн да эч кандай маалымат таба албадык. Анын кол жазмасы Ташкенттеги Чыгыш таануу жана Кол жазмалар институнда гана сакталып калган. Кол жазмада анын ысмы Мулла Халбек ибн Муса Андижоний деп көргөзүлгөн. Ал өзүнүн кол жазмасын Кадамжайлык замандашы Молдо Нияз сыяктуу чагатай тилинде жазып калтырып, кол жазманын Алымкул аталыкка тиешелүү бөлүгү «Алымкул салгылашуулар баяны» деген аталышта үзүндүсү 1997-жылы Ташкентте өзбек тилинде, 1999-жылы Ошто профессор Ташын Кененсариев тарабынан даярдалган «Алымкул аталык» аттуу китепте кыргыз тилинде басылган. Мындан башка, Ташкентте басылган бир катар эмгектерде анын ысмы аталып, эмгеги пайдаланылып, бирок, бардык эмгектерде ал улуту жагынан өзбек элине тиешелүү экени айтылып келген. Мына ошондон уламбы, кыргыз окумуштуулары менен адабиятчылары анын кимдигине анчалык кызыккан эмес. Бирок, анын чыгармаларына, ал тууралуу колдо болгон архивдик маалыматтарга таянсак, анын кыргыз экени аныкталып отурат.

Молдо Калбек Муса уулунун жазганына тянсак, ал Кокон хандыгынын учурундагы көптөгөн окуяларга күбө болуптур. Ал айтылуу Алымкул аталыктын жанында жүрүп, өз ырында анын эрдиктерин даңазалап, анын өлгөнүнө кайгырып, жаназасына катышкан. Ал тууралуу:
«Аскер башчы Алымкулга тийди.
Киндик астына ок жаңылды, о шумдук!
Жыгылбай турду Алымкул айкырып.
Ал: «Менден оомат кетти»,-деди,
Жан чыкты курман болгон денеден...
Көмүү учурунда жөн карап турбадым
Аза күтүп, мактоо ырын ырдадым», - деп жазганы окуяга түздөн-түз аралашып жүргөнүн бышыктайт. Молдо Калбек Алымкул аталык менен улутташ гана эмес, жакын тууган да болгонун, ал менен коштошуп жатып ырдаган төмөнкү ыр саптары далилдейт:
«Берген тузуңа раазы бол, жакын тууганым, кош бол!
Айрылып калды сенден Мулла Калбектей пенде,
Перзенттериң, малы-мүлкүң калды, кош бол!» - деп, жакын тууганы менен коштошуп жатып, аны ырга кошкон. Молдо Калбектин ырлары айтып тургандай, ал өз элинин, өз Мекенинин эркиндиги үчүн күрөшкөн, өз заманынын чыгаан уулу болгонун көрөбүз. Ал 1873-74-жылдары Базаркоргондо Мамыр Мерген уулу жетектеген боштондук күрөшкө да катышып, ал тууралуу өз ырында:
«Хан, бектердин залимдиги ашып,
Адилет жолунан чыгышты адашып,
Беш жүз кою кай биринин,
Катталбады барагына зекет дептеринин.
Зекетчилер уруп-согуп тартып алышат
Даттанып келсе бирөө, эч ким укпайт.
Кыскасы, Мамыр аттуу Мерген уулу
Мурда он зекет казынага берген», - деп, андан ары хандыктагы боштондук кыймылды, күрөшкө чыккандардын жазаланышын баяндаган. Мына ушул жерден эскерте кетүүчү жагдай, буга чейин окумуштуулар, мейли ал өзбекстандык окумуштуу болобу, же кыргызстандык окумуштуу болобу Молдо Калбектин кол жазмасындагы ушул саптарга таянып, ал 1873-74-жылы Мамыр Мерген уулу менен кошо орус бийлиги тарабынан туткунга алынып, Сибирге 10 жылга сүргүнгө айдалган деп жазып келишкен болчу. Бирок, Молдо Калбек сүргүнгө качан айдалганы тууралуу ырында так маалыматты өзү берген. Ал эми 1873-74-жылдары Мамыр Мерген уулу менен бирге хандыкка каршы күрөшкө чыккан кыргыздардын ысымдары жазылган архивдик маалыматтарга кайрылсак, анда Кудаяр хандын жазасынан кооптонуп, Чүй тарапка качып өткөн кыргыз бийлеринин арасында Басыз уруусунун Керки тамгасынын бийи Молдо Халиф деген ысым учурайт. Учурда бул ысым такталып жатат.

Ал эми Молдо Калбектин 10 жылга сүргүнгө айдалганы тууралуу маалыматка келсек, ал өз ырында:
«Абакта, шордуу, солдат колунда
Туткунмун Орусия каапыр элинде
Бул ташпиш өткөн жылан жылдын кышында,
Сана миң эки жүз токсон бешинде
Сүргүнгө айдалдым Ислам жеримден,
Болуп аким бизге Орусия каапыр.
Жазып калдым кеңири мен бир баян,
Максатым - көпчүлүккө болсун аян
Билдирейин деп баарын койдум максат,
Орус жуптунда он жыл саар-кеч.
Түрмөгө отургузду орус шаасы,
Ашык-кеми жок он жыл кайтпастан эч.
Сүргүнгө айдашты жалаа менен
Шылтоосу – Мамурга кошулду деген
Кайгы менен өткөрдүм тиричилик,
Карап көр ал жазылган көк дептерден..», - деп, Сибирге сүргүнгө айдалганынын себебин жана мезгилин өзү ачык жазып калтырган. Болгону буга чейин жарык көргөн эмгектерде, ал Мамыр Мерген менен бирге 1874-жылы сүргүнгө айдалган деп, мусулман жыл эсептөөсү менен көргөзгөн акындын жазганына анча маани берилген эмес. Бул Өзбекстандан чыккан бардык эмгектерге мүнөздүү көрүнүш. Молдо Калбек жазган «Санаа миң эки жүз токсон бешинде, Жылан жылында» дегени 1878-1879-жылдын кыш айларына туш келет.

Ал эми окуянын өзүнө кайрылсак, Базаркоргондук Мамыр Мерген уулу 1874-жылдан 1877-жылга чейин орус бийлиги тарабынан Лепсинск үйөзүндө сүргүндө жүрүп, 1877-жылы карыган апасынын өтүнүчү менен бошонуп келген. Ал кийинки 1878-жылы май-июнь айындагы Жетим хандын козголоңу учурунда Анжыяндын жака белиндеги элди падышалык бийликке каршы үндөп, жигит курап кайрадан боштондук кыймылга жетекчилик кылган. Мамыр Мерген май айынан сентябрга чейин падышалык жазалоочу аскерге каршы күрөшүп, акыры теңсиз таймашта туткунга алынган. Ал 1878-жылы сентябрда Базаркоргондо туткунга алынып, 1879-жылы 18-январда Анжыян шаарында падышалык бийликтин өкүмү менен даргага асылган. Ал эми Мамыр Мерген уулу менен бирге боштондук күрөшкө тартылган деген күнөө менен анын айланасындагы адамдар ошол жылы кармалып, Сибирге сүргүнгө айдалган. Алардын арасында Молдо Калбек да болуп, 10 жыл бою Сибирде көргөн кордугун ырга кошуп, көк дептерге түшүргөн.

Ошентип, Молдо Калбектин өмүр таржымалынан, ал ар кайсыл учурларда боштондук күрөшкө активдүү аралашып келгенин, өз мезгилинин чыгаан инсандарынын бири экенин бышыктап турат. Ал тоо булбулу Токтогул Сатылгановдон 20 жыл алдын, 1878-1888-жылдары 10 жыл сүргүнгө Сибирге айдалган кыргыздын жазгыч акыны. Ал эми анын Молдо Калбек ибн Муса Анжиянний деп аталышы, анын кайсыл жерлик экенин даана көргөзүп турат. Эми анын кол жазмасынын көчүрмөсүн толугу менен Ташкенден алдырып, ага байланыштуу архивдик маалыматтарды толуктап, жаңыдан ысмы аныкталган кыргыздын дагы бир жазгыч акынынын чыгармаларын талдап, өмүр таржымалын, ырларын эл арасынан жыйнап, кайрадан элге жеткирүү маселеси калды.
XS
SM
MD
LG