Линктер

шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 20:18

ТҮНДҮК КОРЕЯ БОЮНЧА СҮЙЛӨШҮҮЛӨР.


Нарын АЙЫП, Прага Өзүнүн өзөктүк изилдөөлөрүн кайрадан жанданткан Түндүк Корея кошуна Түштүк Кореяга кайрылып, аны америкалык баскынчылыкка каршы биргелешип күрөшүүгө чакырды. Сеул болсо өзүнүн улуу даражалуу дипломаттарын Бээжин менен Маскөөгө жиберип, Түндүк Корея маселесин жумшартууга аракеттенүүдө.

Түндүк Кореяда 1-январда чыккан өкмөттүк гезиттер Түштүк Корея жетекчилигине кайрылган жана эч кимдин колу коюлбаган макалаларды басып чыгышты. Ал макалаларда, Түштүк жана Түндүк Корея элдери биригип, америкалык баскынчылыкка каршы күрөшүүгө тийиш, деп айтылат. Гезиттердин айтымында, Түндүк Кореяга басым жасап, ага каршы ар башка экономикалык чектөө киргизген Америка Кошмо Штаттары Пхеньянга каршы курал колдонуу ниетинен да кур эмес.

Чындап эле, 23-декабр күнү америкалык коргоо министри Доналд Рамсфелд, Иракка да, Түндүк Кореяга да каршы бир мезгилде чара көрүүгө АКШнын кудурети жетээрин билдирген. Бирок 31-декабрда президент Джордж Буш маселе азырынча аскерий деңгелге жете электигин, жана ал дипломатиялык ыкма менен чечилиши мүмкүн экендигин белгиледи. 30-декабрда болсо мамлекеттик катчы Колин Пауэлл атайын билдирүү жасап, Түндүк Кореяга каршы сокку урууга АКШнын азырынча эч кандай планы жок экендигин билдирди: "Бизде алдын ала сокку уруу планы жок. Америка Кошмо Штаттарынын бардык деңгелде - саясий, экономикалык, дипломатиялык жана, албетте, аскерий да деңгелде чара көрүүгө кудурети жетет. Бирок биз Түндүк Кореяны коркутуп, кризис жагдайын түзүүнү каалабайбыз".

Анткен менен, Пхеньяндын Сеулга чуулгандуу кайрылуу жасаганынын да жүйөөсү бар. Жакында эки америкалык аскер машине менен эки кореялык кызды тебелеп кеткенден бери, Түштүк Кореяда көптөгөн антиамерикалык митингдер болуп өткөн, анткени АКШнын аскерий соту ал аскерлерди актап чыккан. Азыр Түштүк Кореяда 37 миң АКШ аскери бар жана 19-декабрдагы президенттик шайлоодо жеңип чыккан Но Му-хен элге кайрылып, өлкөдө орноштурулган америкалык аскерлердин санын кыскартуу багытында да иштей турганын билдирген. Но Му-хен азыркы президент Ким Дэ-чжунду алмаштырат жана президенттик кызматка 25-февралдан тартып киришет.

Бирок кызматынан кетип жаткан президент Ким да азыр Түндүк Корея маселесин жумшартуу багытында бир нече дипломатиялык чара көрүүдө. Сеул дипломаттарынын айтымында, 90-жылдардын башында Түндүк Корея өзөктүк курал чыгарууга киришкенде, Түштүк Корея жетиштүү чара көрбөгөндүктөн, маселе ырбап кеткен.

Түндүк Кореянын эң жакын алака түзгөн мамлекеттери Кытай менен Орусия, ошондуктан, Түштүк Кореянын тышкы иштер министринин орун басары Ли Тэ-шик 1-январ күнү Бээжинге келип, Кытайдын тышкы иштер министринин орун басары Ваң Ю менен жолукту, тышкы иштер министринин дагы бир орун басары Ким Хаң-кюң болсо, 3-январда Маскөөгө барып, орус жетекчилери менен кездешет. Эки дипломат тең орус жана кытай жетекчилеринен Түндүк Кореяга басым жасап, аны өзөктүк курал өндүрүү ниетинен баш тарттырууну суранууда.

1994-жылы өзүнүн биринчи өзөктүк бомбасын өндүргөн Түндүк Корея Эл аралык өзөктүк кубат агенттигиндеги мүчөлүгүн токтоткон. Ошол эле жылы Пхеньян менен узак сүйлөшүү жүргүзүп, АКШ өлкөнүн өзөктүк программаларын токтотуу тууралуу эки тараптуу келишим түзгөн. Бирок Пхеньян өзүнүн өзөктүк изилдөөлөрүн кайрадан жандантканы тууралуу үстүбүздөгү жылдын октябр айында жарыялап, 22-декабрда алты жылдан бери жабылып жаткан Йонгбьон өзөктүк ишканасын кайрадан иштетүүгө киришти, 1-январда болсо, эл аралык агенттиктин эксперттери өлкөдөн кууп чыгарылды.

АКШнын мурдагы мамлекеттик катчысы Уоррен Кристофердин айтымында, Түндүк Корея маселеси азыр Ирак проблемасынан кем калышпайт, анткени Ирактын кеңири кыруучу куралдары бар экендиги далилдене элек, Түндүк Кореяда болсо, бомба дагы, аны бутага жеткире ала турган ракеталар да бар.
XS
SM
MD
LG