Линктер

шаршемби, 7-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 17:05

Түркиядагы башкаруучу партиянын лидери Режеп Эрдоган Кипр маселеси боюнча сүйлөшүү жүргүзүүнү жактайт.


«Адилеттүүлүк жана Өнүгүү» партиясынын лидери Режеп Эрдоган бүгүнкү билдирүүсүндө Кипрди бириктирүү боюнча Улуттар Уюму сунуш кылган планга ылайык сүйлөшүү жүргүзүүнү колдой тургандыгына токтолуп, Кипрдин түрк бөлүгүнүн лидери Р.Денкташ бул багытта жай аракеттенип жатканын, кипрликтердин тагдыры анын жеке иши эмес экенин белгиледи. Өткөн аптада Кипрдин түрк бөлүгүнүн 30 миңдей тургуну Р. Денкташтын отставкасын талап кылып, демонстрация өткөргөн эле. Кипрдин грек бөлүгүнүн тышкы иштер министри Й. Кассолайдис Эрдогандын сөздөрүн кубаттады. Анын пикиринде, Эрдогандын билдирүүсү Кипр маселесинде Р. Денкташтын монополдук саясаты аяктаганын туюндурат. Улуттар Уюмунун планында Кипрди эл аралык иштерде бир мамлекет катары чыга турган тең укуктуу эки өлкөнүн конфедерациясына айлантуу каралган. Европа Биримдигинин Копенгагенде өткөн соңку саммитинде Кипр 2004-жылы уюмга кирүүгө чакырык алган.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG