Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:26

Орусиянын Коопсуздук Кеңешинин катчысы В. Рушайло Түркмөнстанга келди.


Ал бүгүн Ашхабадда Түркмөнстандын коргоо министри Режепбай Оразов, коопсуздук министри Батыр Бусаков жана ички иштер министри Аннаберды Какабаев менен жолукту. Аталган үч министр тең жакында түркмөн президенти Сапармурад Ниязовдун өмүрүнө кол салуу аракетинен кийин түзүлгөн коргонуу жана конституциялык түзүлүш боюнча Улуттук Кеңештин мүчөлөрү. Жолугушууда кайсы маселер талкууланганы жөнүндө так маалымат жок, бирок кабарларга караганда, эки күнгө созулуучу сүйлөшүүлөрдө президент Сапармурад Ниязовдун өмүрүнө кол салуу аракетине байланышкан окуялар да каралаары күтүлүүдө. Кол салуунун негизги уюштуруучулары катары айыпталган, азыр оппозиция тараптагы, түркмөн өкмөтүнүн мурдагы жогорку даражалуу үч өкүлү Орусиянын жарандыгына ээ. Алардын бири, мурдагы тышкы иштер министри Борис Шихмурадов түркмөн парламентинин чечими менен өмүр бою түрмөгө кесилди. Эми Ашхабад Москвадан калган эки адам боюнча да маалымат алгысы келет. Мындан сырткары, Орусиянын төрт жараны президент С. Ниязовдун өмүрүнө кол салуу аракетине катышы бар деген шек алуу менен камалган. В. Рушайло эртең түркмөн президент Сапармурад Ниязов менен жолугат. Ал өзү кабарчыларга билдиргендей, иш сапарынын максаты -эки өлкөнүн мамилесин жаңы деңгээлге көтөрүү.

XS
SM
MD
LG