Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 13:04

Кытай Түндүк Кореянын өзөктүк куралдар программасына байланышкан чатакты чечүүгө жардам берет.


Бул тууралуу Түштүк Кореянын тышкы иштер министрлигинин өкүлү билдирди. Бүгүн Пекинде Түштүк Корея тышкы иштер министринин орун басары Ли Де Шик Кытайдын тышкы иштер министринин орун басары Ван И менен жолуккан эле. Жолугушуудан кийин айтылгандай, Сеул да, Пекин да Түндүк Корея менен сүйлөшүү жүргүзүүнү чатакты жөндөөнүн эң жакшы жолу деп эсептейт. Түштүк Корея Кытайдын Түндүк Кореяга өзөктүк куралдар программасын токтотуусу үчүн таасир көргөзүшүн көздөөдө. Пхеньян өткө айда плутоний өндүрүүгө жөндөмдүү атомдук реакторун кайра иштетүү чечимине келип, өлкөдөн МАГАТЭ уюмунун эксперттерин чыгарып жиберген.

XS
SM
MD
LG