Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 09:00

Ысыккөл областында богок оорусу менен жабыр тарткандардын саны жыл өткөн сайын өсүүдө.


Шейшекан Жаналиева

КАРАКОЛ. Областтык ооруканалар бирикмесинен алынган маалыматтарга караганда, област боюнча 1 жыл ичинде 23560 кг. тамак-аш тузу керектеле турган болсо, анын 40,6% йоддолбогон туз экендиги далилденди. Маселен Каракол шаарындагы базарлардан сатылган 49033 тонна тамак-аш тузунун йоддолбогондугун текшерүү көрсөттү. Дарыгерлердин тараткан маалыматтары боюнча, областтагы дээрлик бардык мектептерде ар бир экинчи окуучу богок оорусу менен жабыр тартат. Чоңдор арасында да богок ооруусуна чалдыккандар арбын. Өткөн жылы богок ооруусун алдын алуу үчүн 65077319 сомго дары-дармектер алынууга тийиш болсо, областтык ооруканалар бирикмесинин такталган маалыматы боюнча, областтык, райондук, шаардык акимчиликтер 1 сом дагы которушкан эмес.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG