Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 12:09

Биринчи вице-премьер «Дордой» кырсыгы диверсияга көбүрөөк окшошорун билдирди.


БИШКЕК. ««Дордой» базарынын айланасындагы «Оберон» соода борборунда 27-декабрда болгон жарылууну теракт менен байланыштыруу эртелик кылат» деп билдирди кырсык боюнча түзүлгөн өкмөттүк комиссиянын төрагасы, биринчи вице-премьер-министр Курманбек Осмонов. Анткени, окуяны теракт катары баалаш үчүн аны жасаган адамдар жана алардын максаттары аныкталышы керек. Эксперттердин бүтүмүнө таянган Бишкек шаардык ички иштер кызматынын башчысы Кеңешбек Дүйшөбаев 2-январда кырсык жардыруучу заттын жарылышынан келип чыкканын маалымдап, бул терракт болушу толук ыктымал деген көз карашын билдирген эле. Ал эми К. Осмонов жарылуу диверсияга көбүрөөк окшошуп турганын болжоду.
«Террордук акт же диверсия, болбосо, атайын кооптуу жарактар аркылуу көптөгөн адамдардын өмүрүнө коркунуч келтирүү жолу менен жасалган максаттуу киши өлтүрүү өндүү кылмыш деп айтуу эртелик кылат», - дейт К. Осмонов. Анын айтымына караганда, азыр өкмөттүк комиссия аталган факт боюнча бардык иликтөөлөдү топтоп, тыянак чыгаруу аракетин көрүп жатат. Мындан тышкары өкмөт Бишкектин бардык базарларында жарандардын коопсуздугун камсыз кылуу максатында ар кандай кырсыктардын алдын алуу боюнча күчөтүлгөн тартип киргизүү аракетин көрүүдө.
  • 16x9 Image

    Бурулкан Сарыгулова

    "Азаттык" радиосунун Бишкек кеңсесинин баш редактору. Кыргыз Мамлекеттик улуттук университетинин журналистика факультетин бүтүргөн.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG