Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 11:15

ТЫҢЧЫЛАР ТЫНЧЫБАЙТ.


Өткөн жылы Батыш өлкөлөрү, айрыкча Кошмо Штаттар менен Россиянын саясий алакалары бир кыйла бекемделди. Атүгүл чалгындоо мекемелеринин кызматташтыгы чыңдалды. Ошол эле учурда былтыр тыңчылык иштерге байланыштуу өз ара айыпташкан бир нече дипломатиялык жаңжалдар да болуп өттү.

Жаңы жыл алдында эле “Российская газетада” жарыяланган маегинде Федералдык коопсуздук кызматынын жогорку даражалуу жетекчилеринин бири Олег Фиромолотов чет элдик чалгындоо мекемелеринин Россиядагы тыңчылык иштери былтыр өзгөчө активдешкендигине даттанган эле. Буга байланыштуу Лондондогу көз карандысыз иликтөөлөр борборунун эксперттери россиялык жансыздар деле өткөн жылы кыларга иши, саларга кушу жок отуруп калбагандыгын белгилешти. Мындан он жылдай илгери орустардын жалгыз гана чалгындоо мекемеси болсо, азыр алардын саны отуздан ашты. Батыштын технологиялык жана башкаруу чөйрөсүндөгү жашыруун маалыматтары орус тыңчылары өзгөчө аңдып, акмалаган тармакка айланды. Былтыр ноябрда эле Канадада жогорку технологиялык аскери долбоорлорго, ал эми Швецияда радарлык системаларга адистешкен компаниянын иштерине жантыгынан жата калып кызыккан ынтаасы үчүн россиялык төрт дипломат өз мекенине кайтканга аргасыз болушту. Москва аталган эки өлкөгө теңтайлаш кадамдар менен жооп берип, канадалык жана швециялык дипломаттарды да Россиядан чыгарып жиберди. Анын соңунан америкалык Тынчтык корпусунун 30дай ыктыярмандарына виза мөөнөтүн узартпай коюшту. Федералдык коопсуздук кызматынын башчысы Николай Патрушев мунун себебин тыңчылык иш-аракеттер менен түшүндүрдү. Аталган корпуста иштегендердин арасында, Патрушевдин сөздөрү боюнча, Россиянын региондорундагы социалдык, саясий жана экономикалык кырдаалга, жергиликтүү жетекчилерге байланыштуу маалымат жыйнагандар көп кездешет. Орус аскерлеринин Түндүк Кавказдагы контингентинин мурдагы колбашчысы генерал Казанцев болсо декабрда эле эл аралык гуманитардык уюмдарды да тыңчылык иштери үчүн айыптаган болчу. “Алардын бардык кыймыл-аракетин кылдат көзөмөлгө албаса болбойт”, - деп айткан эле генерал. Казанцев тыңчылар кала берсе Кызыл Крест уюмунун кызматкерлери арасында да бар экенин эскерткен.

Деген менен бир катар орус эксперттерин атайын кызматтардын акыркы жылдардагы практикасы кооптондура баштады. “Реформалардын баары бүттү, биз кайрадан өткөндөгү өнөгөгө өтө баштадык”,-деп айтты, мисалы, мурдагы КГБнын полковниги Константин Преображенски. Ал эми белгилүү публицист Отто Лацис соңку жылдары журналисттер, экологдор, укук коргоочу активисттер менен илимпоздор тыңчылык кылды деген айыпка жыгылган учурлар арбый баштаганына тынчсызданат. Атап айтканда, АКШ жана Канада институтунун сектор башчысы Игорь Сутягин 1999-жылдан бери “Лефортово” түрмөсүндө отурат. Ага Кошмо Штаттардын чалгындоо мекемелерине тиешеси бар чет элдик фирмалардын бирине жашыруун маалыматтарды берген жана өз өлкөсүнө чыккынчылык кылган деген айып коюлуп, бир катар инстанцияларда тергелип-тескелди. Алдыдагы күндөрдө ага Жогорку Сот өз өкүмүн чыгарат. Ушундай эле айып менен экинчи бир окумуштуу, профессор Анатолий Бабкиндин иши сотто териштирилип жатат. Лацис аларды өлкөнүн коопсуздугуна каршы олуттуу деле кыянат кылган жок, болгону чет элдик адистер менен бир топ мезгил ийиндеше иштешип, атайын кызматтардын күмөн-күдүгүнө калды деп эсептейт. Думанын коопсуздук маселелери боюнча комиссиясынын төрага орунбасары, белгилүү жазуучу Юрий Щекочихин россиялык жашыруун кызматтарды кансыз согуштун “акыркы балдарына” салыштырат. “Ар бир өлкө өзүнүн жашыруун сырларын сактаганга акысы бар, бирок россиялык атайын кызматтарга да эрезеге толуп, эр жеткенге убакыт келди”, - деп эсептейт ал. Жазуучу-депутаттын пикири боюнча, атайын кызматтар баарыдан мурда жалпы дүйнөнү, ага кошуп орус коомун ак-карага бөлгөн адатын коюушу керек. “Мындай мезгил капкачан кайткыс болуп артта калган”, - деп айтты Щекочихин.
XS
SM
MD
LG